Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери кызыл аскерлери менен. Фрунзе, 1926-жыл.
Өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадронунун кенже командирлери жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1927-жыл, кыш.
1923-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борборундагы кенже командирлерди окуткан аскердик мектептердин курамында атайын улуттук кадрларды даярдоочу бөлүмдөр ачылган. Ошол эле жылдын аягында командачылык теги түркстандык орто даражадагы командирлерди Ташкент шаарындагы Бириккен улуттук аскердик мектепте даярдаган. Алардын арасында басмачыларга каршы согушкан кыргызстандык жоокерлер да бар эле.
Бириккен улуттук аскердик мектебинин теги кыргызстандык курсанттары. Ташкент, 1926-жыл.
1925-жылы жайда Кыргызстандын алгачкы улуттук аскердик куралдуу күчтөрү түптөлөт деген кабарды уккан калың журт чын жүрөгүнөн сүйүнгөн.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери. Фрунзе, 1926-жыл.
Биздин жигиттер Кеңеш өкмөтү берген жерди душмандардан коргошу керек деп аксакалдар батасын берип, эр-азаматтарды аскерге жибергенине күбө болгон кыргыздын ичинен чыккан биринчи чек арачы жана жазуучу Осмон Лайлиев "Дети бурь" аттуу китебинде жазган. Ал жогорудагы тактикалык бирикменин алгачкы аскерлеринин бири болгон.
Бириккен улуттук аскердик мектебинин бүтүрүүчүсү Абдували Курбаналиев (сол жактан биринчи) ыктыярчыларды машыктырууда. Бир нече жылдан кийин ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы аскердик учкуч болот. Ош аскердик комиссариаты, 1926-жыл, жай айлары.
1925-жылы 15-августта өзүнчө кыргыз атчандардын жарым эскадрону түзүлгөн. Анын биринчи командири жана комиссары Вахитов жана Мамашев болушкан. Бул жарым эскадрон ыктыярчылардан куралган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан ыктыярчыларды атайын комиссия тандап алган.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун пулеметчулары. Фрунзе, 1925-жыл.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбеков аскерлерди тандоо процессине активдүү катышкан. Ыктыярчылардын дээрлик бардыгы 22 жаштагы жигиттер эле.
Кыргыз атчандар дивизионунун аскерлери аткана салууда (азыркы Улуттук Гвардия). Фрунзе, 1920-жылдар.
Өзүнчө кыргыз жарым эскадронунун курамында кызмат өтөйм деген жаштар көп эле. Бирок 80 ыктыярчы кабыл алынат. Дал ушул себептен улам Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык жана өкмөтүнүн жетекчилиги Түркстан фронтунун командычылыгынан жогорудагы тактикалык бирикмени кеңейтүүнү өтүнөт.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командири, улуту казак Байдулла Доскенов (оң жакта) жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1926-жыл.
1925-жылы 15-ноябрда Түркстан фронтунун революциялык аскердик кеңеши бул жарым эскадрондун ордуна толук кандуу эскадрон уюштурууга буйрук чыгарат. 1926-жылы Ташкенттеги Бириккен улуттук аскердик мектепти алгачкы кыргызстандык командирлер ийгиликтүү аяктайт. Кыргыздын туңгуч аскердик интеллигенциясынын арасында беш казак жана бир каракалпак командирлери болгон.
Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги өзүнчө Кыргыз атчандар эскадронунун аскерлери менен. 1925-жыл, ноябрь.
Жоокерлердин басымдуу бөлүгү кат таанычу эмес. Алардын сабатын алгачкы кыргыз илимий интеллигенциясы жойгон.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери бир жылдык аскердик милдетин аткарып, демобилизацияланып жаткан учуру. Фрунзе шаары, 1926-жыл 29-ноябрь.
Бул күнү кызыл аскерлер үйүнө салтанаттуу узатылган. Аскердик бөлүктө парад жана митинг өтүп, эскадронго облустук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылган. Аскерлер аларга аскердик өнөрлөрүн көргөзүшкөн. Андан соң ар бир жоокерге форма, шым жана көйнөк тигип алууга кездеме жана 12 китеп берилген. Иш-чаранын аягында облустун жетекчилиги аскерлер менен казармада түшкү тамак ичишкен.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери туу менен. Фрунзе, 1926-жыл.
Кыргызстандык жаштардын көбүнүн кыялы ушул эскадрондун катарында кызмат өтөө эле. Ошондуктан аларды кабыл алуу боюнча эрежелер иштелип чыккан. Ошондой эле эскадрондо илимий-аскердик ийрим уюшулган. Анда 1917-1922-жылдары жарандык согушка катышкан эскадрондун айрым командирлери сабак беришкен.
Атактуу советтик кол башчы, теги калмак Ока Городовико́в Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командири Василий Калачев менен. Фрунзе шаары, 1927-жыл.
1927-жылы 1-октябрда Орто Азиянын аскердик округунун кол башчысынын буйругу менен Өзүнчө кыргыз атчандар эскадрону дивизионго айланат. Андан тышкары, жоокерлердин катарынан келечекте партиялык жана комсомолдук активдерди даярдоо курстары ачылган. Ошондой эле дивизиондогу аскерлер механик, тракторист, айдоочуу өңдүү адистиктерди үйрөнүшкөн.
Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Фрунзе шаары, 1930-жыл.
Өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери парадга даярданууда
Демобилизация болгон аскерлер жумушчу факультеттеринде, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде, милициянын кызматкерлерин даярдаган республикалык курстарда окуусун улантышкан.
Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону. Фрунзе, 1930-жыл.
Бул аскердик бөлүккө Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана эл комиссарлар кеңеши, "Интергельпо" артели, борбор калаанын №1 типографиясы, Сүлүктүнүн шахтерлору ар тараптан көмөк көрсөткөн.
Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Чаткал өрөөнү, 1929-жыл ноябрь.
1929-1930-жылдары дивизион Чаткал, Талас жана Ош аймактарында козголоңду басууга катышкан. Андан тышкары, бул бөлүктүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтара баштаган.
Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун пулемет взводунун командири Жусуп Осмонбеков. Фрунзе шаары, 1928-жыл.
Кыргыз атчандары республиканын сүймөнчүгү болгон. Жумушчулар жана комсомол активи казармага кинобудка, радиоприемник орнотуп беришкен. Ошондой эле теннис ойноочу аянтчаларды жасашкан. Фрунзенин тургундары шахмат жана кеңсе шаймандарын белек кылышкан. Кыргыз атчандар тууралуу республиканын гезиттери окурмандарга такай маалымат берип турган.
Мамыркул Чукеев. Өзүнчө кыргыз улуттук атчандар дивизионунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты. 1944-жылы Латвияда каза болгон.
Дивизион Орто Азиянын аскердик округундагы машыгууларга катышып турган. Ушул машыктырууда кыргызстандык аскердик бирикме дайыма башка бөлүктөрдөн чебердиги жана тартиби менен айырмаланган. Командачылык аларды дайым үлгү кылышкан.
53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары Аден Истамбеков үй-бүлөсү менен. Москва, 1937-жыл.
1932-жылы 12-августта Орто Азиянын аскердик округунун кеңешинин токтому менен Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону 53-кыргыз атчандар полкуна айланат. Акын Жусуп Турусбеков кыргыз атчандарына арнап "Жаңы полк" аттуу ырын, композитор Абдылас Малдыбаев "Кызыл атчандар" чыгармасын жазат.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Мамыш Сакембаевдин күбөлүгү. Фрунзе, 1938-жыл. Ал 1928-1930-жылдары Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунда аскердик кызмат өтөгөн.
1937-жылы 12-декабрда полктун жоокери Мамат Нурбаев СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат. Ал эми 1938-жылы 24-июнда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттыгына кыргыз атчандардын ичинен төрт аскер шайланышат. Бул полктун жоокерлери сот, милиция, партиялык, айыл чарба кызматтарында жана чыгармачылык чөйрөдө элитанын катмарын түзүшөт.
Шергазы Еркимбаев 53-кыргыз атчандардын полкунун командирлеринин бири. Фрунзе, 1936-жыл.
1943-жылы аны командачылык Иранга чалгынчы катары жиберет. Еркимбаев дайынсыз жоголуп, тагдыры ушу күнгө чейин белгисиз.
1937-жылы полктун 44 командири менен аскерине жалган айып коюлуп, түрмөгө камалат. Нечен кыйноодон өтүшсө да эч кимиси күнөөнү мойнуна албайт. 1939-жылы СССРдин коргоо министри Климент Ворошиловдун кийлигишүүсү менен 41 командир жана бир жоокер акталып, түрмөдөн чыгышат. Тилекке каршы, НКВДнын зынданында үч командир: Асан Алиев, Аден Истамбеков, Кожобек Күзембаев кыйноодон өлүшөт.
Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси Орозалы Саралинов жубайы менен. Фрунзе, 1927-жыл.
1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. Полктун айрым офицерлери кан майданда каза болушкан.
Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууда. Ат-Башы району, 1932-жыл.
1944-жылы командычылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберген. Алар кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан.