Кечемде бир гана киши жок болду... Акын Акбар Кубанычбековдун видеомаеги

"Мурас", "Адамга адам керек", "Кечки Бишкек", "Сүрдөтпөчү", "Из калтыр", "Өмүр" деген ырларды уксаңыз керек? Элдин жүрөгүнөн орун алган бул ырлардын автору — Акбар Кубанычбеков.
Sputnik
Акын адамдар өз ара сүйлөшүп турганда таасирдүү сөздөрдү угуп калса же интернеттен өзүнө жаккан комментарийлерди окуп калса дароо сактап алып, кийин бир сүйлөмдөн бүтүндөй бир чыгарма жаратарын айтты.
Кубанычбеков Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Динара Акулова сыяктуу белгилүү инсандар менен иштешкендеги кызыктуу учурларды айтып берди. Азыр биз угуп жүргөн Жийдеш Идирисованын "Наринай", Жонинин "Мария" деген ырларын алгач Акбар Кубанычбеков келинчегине арнап "Арина" деп жазган. Бирок болочок жубайлар ошол кезде таарынышып кеткендиктен ырлардын аталышы өзгөрүп кеткен.
Акын кичинекейинде чоң атасынын колунда өскөнүн, тилекке каршы, көптөн бери даярданып келген поэзиялык кечесине үч күн калганда таянар тоосу кулаганын кейип айтып берди.
Тема боюнча:
Атамдын шагын сындырганыма өкүнөм. Өзүбеков менен ачык видеомаек