Грузин парламенти чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга президенттин ветосун “аттап” өттү

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Грузин парламенти чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга президент койгон ветону “аттап” өттү.
Sputnik Грузия 84 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш бергенин жазды.
Мыйзам жарыялангандын эртеси күчүнө кирет. Ага чейин Грузиянын президенти кол коюшу керек, эгер ал баш тартса, парламенттин спикери кол коет.
Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамы
Грузиянын парламенти 2024-жылдын 14-майында үчүнчү, соңку окууда жетектөөчү "Грузин кыялы" партиясы парламентке киргизген "Чет элдиктердин таасиринин ачыктыгы" мыйзам долбоорун кабыл алган.
Документ кирешесинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан түшкөн ЖМКларды, коммерциялык эмес юридикалык тараптарды каттоону карайт. Анда "чет элдик таасирдеги агент" термининин ордуна "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн" термини колдонулуп, ал эми калган бөлүгүнө өзгөрүү кирген эмес.
Мындан улам "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөйт" деп эсептелгендердин баары мамлекеттик реестрден өтүүгө милдеттүү болот. Каттоо учурунда алган кирешелерин көрсөтүү жана декларация толтуруу зарыл. Эгер баш тартышса 25 миң ларилик (9,5 миң долларга чукул) айыпка жыгылат.
Документтин оппоненттери аны Россиядагы мыйзамдын дал өзү деп аташкан, анткен менен чет элдик агенттерди каттоо боюнча мыйзам АКШда да көп жылдан бери иштеп келет. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул тантырагандык болуп жатканын белгилеп, чет элдик агенттер менен күрөшүү системасын киргизген биринчи өлкө АКШ экенин эскертти. Ал эми Грузия бийлиги мыйзам толугу менен укуктук принциптерге негизделип, тиешелүү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдардын финансысын жыл сайын ачыктоо максатын көздөй турганын айтып келет.
АКШ Грузияга виза боюнча чектөө салууга кам урду. Вашингтондун соңку кадамы