БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Батыш абдан көңүл буруп жаткан чет элдик агенттер тууралуу мыйзам — Россияга каршы "экинчи фронт" ачууга шылтоо. Бул тууралуу Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Биринчи каналына маек куруп жатып айтканын Ближнее зарубежье Telegram каналы билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, дүйнөдө "согуштун глобалдуу партиясы" бар, ага Грузиянын эч кандай кызыгы жок, болгон-бүткөн максаты — Россияны алсыздандыруу.
Кобахидзе "грузия майданынын" кесепети өтө оор болорун эскертти.
Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамы
Грузиянын парламенти 2024-жылдын 14-майында үчүнчү, соңку окууда жетектөөчү "Грузин кыялы" партиясы парламентке киргизген "Чет элдиктердин таасиринин ачыктыгы" мыйзам долбоорун кабыл алган. Документ кирешесинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан түшкөн ЖМКларды, коммерциялык эмес юридикалык тараптарды каттоону карайт. Анда "чет элдик таасирдеги агент" термининин ордуна "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн" термини колдонулуп, ал эми калган бөлүгүнө өзгөрүү кирген эмес. Мындан улам "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөйт" деп эсептелгендердин баары мамлекеттик реестрден өтүүгө милдеттүү болот. Каттоо учурунда алган кирешелерин көрсөтүү жана декларация толтуруу зарыл. Эгер баш тартышса 25 миң ларилик (9,5 миң долларга чукул) айыпка жыгылат. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили аталган мыйзамга вето койгон. Анткен менен бул кадам формалдуу мүнөздө, себеби аны жеңүү үчүн парламентке добуштардын көпчүлүгү керек.
Мыйзам долбоорунун процедуралары бул сапар нааразылык митингдери менен коштолду, полиция акцияны кууп таратып, активисттерди кармады. Батыш мамлекеттери Тбилисиге сөөмөй кезей баштады: АКШ эгер документ күчүнө кирсе эки тараптуу мамилени түп-тамырынан карап көрөрүн, ЕБ Грузиянын мүчөлүккө берген арызын тоңдуруп коерун айтты.
Документтин оппоненттери аны Россиядагы мыйзамдын дал өзү деп аташкан, анткен менен чет элдик агенттерди каттоо боюнча мыйзам АКШда да көп жылдан бери иштеп келет. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул тантырагандык болуп жатканын белгилеп, чет элдик агенттер менен күрөшүү системасын киргизген биринчи өлкө АКШ экенин эскертти. Ал эми Грузия бийлиги мыйзам толугу менен укуктук принциптерге негизделип, тиешелүү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдардын финансысын жыл сайын ачыктоо максатын көздөй турганын айтып келет.