Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатаканага барды

Байсалов тартип сакчылар тыкыр иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тарта турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Эл аралык университетинин жатаканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал чет элдик студенттерге жана мугалимдерге кайрылып, бейбаштардын зордук-зомбулугу жана келтирген зыяны үчүн кечирим сурады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Эл аралык университетинин жатаканасына барды

2 / 2

Ал чет элдик студенттерге жана мугалимдерге кайрылып, бейбаштардын зордук-зомбулугу жана келтирген зыяны үчүн кечирим сурады

“Жеке адамдардын бул кылмыштуу иш-аракеттери маданиятка жана меймандостук салтына эч кандай тиешеси жок. Биздин өлкө чет өлкөлүк студенттерге сый мамиле кылат. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт”, — деди Байсалов.

Ал тартип сакчылар тыкыр иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тарта турганын белгиледи.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын белгилеген.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда. Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандыктан 29 киши жабыркаган.
ШИИБ: Бишкектеги чет элдиктер кадимки жашоо образына кайта алышат