Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте Пакистандын жарандары тигүүчү цехтерде мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 28 чет элдик жарандын визасынын жарактуу мөөнөтү бүтүп калган.
"Документи жок чет элдиктер бренд кийимдерди тигишкен. Тартип бузгандар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилген. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышат", — деди УКМК.
Чет элдик мугалимдер барган түнкү клубда баңгизат жайылтылган делип жабылды