Пресс-борбор

Быйыл "Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын кайсы аймактарында өтөрү айтылды

Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан "Өлбөс полкту" жер-жерлерде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде "Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулары жүрүш борбор калаадан башка өлкөнүн кайсы аймактарында өтөрүн айтып беришти.
"Өлбөс полк" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина
"Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта шаарлары жана Ленинское, Ивановка айылдары дээрлик бардык жерде жүрүштөрдү өткөрүүгө даяр", — деди "Өлбөс полк" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина.
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев афган ардагерлери жүрүштү өз айылдарында өткөрүүнү өтүнүп, жер-жерлерге чакырып жатканын билдирди.
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Быйыл бардык айылдарда, мейли 15-20 адам болсо да иш-чара өткөрүлөт. Бул кубанарлык көрүнүш", — деди ал.
Ал эми Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Белек Абдрахманов мекеме иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Белек Абдрахманов
"Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Куралдуу күчтөрдүн мекемелерине, ошондой эле аскер комиссариаттарына "Өлбөс полкту" жер-жерлерде, башкача айтканда, бардык ири шаарларда жана облус борборлорунда өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлду", — деди Абдрахманов.
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь