Орозо айттын шаңы. Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү майрамдан 15 сүрөт

Бул майрамды көпчүлүк мусулмандар эртең мененки Айт намазын эл менен чогуу окуудан башташат.
Sputnik
Бүгүн дүйнөдөгү бардык мусулман өлкөлөрү Орозо айт майрамын белгилешүүдө.
Быйыл Кыргызстанда Айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулду. Муфтият мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен байланыштуу экендигин билдирген.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү борбордук мечитке барып, келгендер менен чогуу намаз окушту.
30 күндүк орозодон кийин келген Айт — мусулмандар үчүн негизи майрамдардын бири. Бул күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга куран түшүрүп, бири-биринин эски таарынычтарын кечиришет. Майрам орозо аяктагандын эртеси белгиленет.
1 / 15

Багдаддагы Абдул Кадир аль-Килани мечитиндеги мусулмандар

2 / 15

Бишкектин борбордук мечитинде майрамдык Айт намаз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана жогорку бийлик өкүлдөрү менен биргеликте окулду

3 / 15

Орозо айт араб өлкөлөрүндө Ид-аль-Фитр деп айтылып, мааниси ооз ачуу, орозону аяктоо дегенди билдирет

Сүрөттө Йемендин борбору Сана шаарындагы жашоочулардын эртең мененки сыйынуусу

4 / 15

Бишкекте Айт намазын имам Сарахси атындагы борбордук мечитте муфтий Абдулазиз Закиров окуду

5 / 15

Орозо айт орозо аяктаган күндүн эртеси белгиленет

Сүрөттө Тегерандагы мусулмандардын Ид аль-Фитр окуу учуру көрсөтүлгөн

6 / 15

Бул күнү майрам эл менен биргеликте Айт намазын окуу менен башталат

Симферополь шаарындагы Собор мечитинде мусулмандар кудайга сыйынуу алдында отурушат

7 / 15

Москвадагы Собор мечитинде Айт намазын окуган мусулмандар сүрөттө

8 / 15

Орозо Айт майрамындагы сыйынуулар күндүн чыгышы менен башталат

Сүрөттө: Пакистандын Лахор шаарындагы Бадшахи тарыхый мечитинде Айт намазын окуган кыздар, алар сыйынуу алдында колдорун боёшкон

9 / 15

Айт намаздан кийин орозо кармаган мусулмандардын баарынын орозосу аяктап, тамактанууга тыюу токтотулат

Москвадагы мечитте кудайга сыйынуу учуру сүрөттө

10 / 15

Палестиналыктар сыйынуу үчүн Иерусалимдеги Аска Куполу храмынын аймагына топтолуп жаткан кездеги сүрөт

11 / 15

Бул күнү мусулмандар бири-биринин үйүнө конокко барып, дасторкон жайып, белектерин тартуулашат

Сүрөттө Газа секторунун борборундагы Дейр-эль-Балахе базарында таттуу саткандар

12 / 15

Йемендиктер Орозо айынын бүтүшүнүн урматына окулчу Айт намазы учурунда

13 / 15

Мусулмандар Орозо айтка алдын ала даярданышат, үйдө нан-боорсок, дүйүм тамак-ашт даярдалат. Мындан тышкары, үй ичин тазалоого да маани беришет.

Симферополь шаарындагы Собор мечитиндеги мусулмандардын намазга жыгылган учуру

14 / 15

Бул сүрөт Катардын Доха шаарында тартылган. Анда орозо кармаган мырзалар Сук Вакиф базарындагы мечиттин жанында ооз ачып отурушканы чагылдырылган.

15 / 15

Индиянын Хайдарабад шаарындагы Чарминар тарыхый эстелигинин алдындагы базарга топтолгон эл