БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кыймылдын маанилүүлүгүн эскертти. Мекеме адамдын көп кыймылдашы ден соолуктун бекем болушу менен жакшы маанайдын ачкычы экенин белгилеген.
Адамдын көп кыймылдашы жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабетин, онкологиялык илдеттерди алдын алат. Мындан тышкары, депрессия, тынчсыздануусун азайтып, туура ой жүгүртүүсүн, жаңы нерселерди оңой үйрөнүүсүн шарттайт.
"Такыр кыймылдабай койгондон көрө аз болсо да спорт менен машыгып туруу көп пайда алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чоң кишилерге жумасына 150дөн 300 мүнөткө чейин орточо интенсивдүү кыймыл жасап турушу керектигин белгилеп келет", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме кош бойлуу аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да дайыма кыймылда болушу керектигин кошумчалаган.