"Маалыматты бурмалагандар — бейөкмөт уюмдардын өздөрү. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор бир нече ай талкууда болду. Ошондо бул мыйзамды кабыл алуунун башкы максаттарынын бири буга чейин иштеп келген өкмөттүк эмес уюмдардын чет өлкөдөн каржыланганын кайра каттоодон өткөрүп, аларга "чет өлкөлүк өкүл" деген макамды берүү экени айтылган. Аны өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып "биз катталганбыз" деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси "чет элдик өкүл" деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым. Ошондой эле сырттан алган каражат конкреттүү түрдө кайсы максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек", — деди президент.
"Миллиондогон каражат өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак, бул "эшек жайлоо" эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо, анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт. Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштеш керек. Бул өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт", — деди өлкө башчы.