Өлкөдө 2 139 адам мүлкүн легалдаштырды

Активдерди легалдаштыруу ушул жылдын 9-июнуна чейин атайын декларация тапшыруу менен мүмкүн болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өлкөдө 2 139 жаран мүлкүн легалдаштырган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, 100 миллиондон ашкан активдер үчүн бир жолку декларациялоочу төлөм 1 миллион сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө 2 139 жаран мыйзамдан пайдаланып атайын декларация толтурган. Анын ичинен 66 кишинин активдери 100 миллион сомдон ашып, 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салым төлөгөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаров "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ал эми ушул жылдын 15-февралында мамлекет башчы болгон мүлкүнүн наркын ачыктап, байларды акчасын катпоого чакырган.
Радио
Жаӊы Салык кодекси кабыл алынды. Кимдердин салыгы азаят?