Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск Украина үчүн жагымсыз божомолун айтты

Америкалык миллиардер Киев сүйлөшүү жолун тандашы керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Илон Маск чатак улана берсе Киев Кара деңизге жолой албай калышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал соцбаракчасына жазды.
"Чыр-чатак уланган сайын Россия көп аймакты багынта берет", — деген америкалык миллиардер.
Анын айтымында, согуш узак убакыт уланса Украина Одессаны да жоготушу мүмкүн.
Илон Маск мындай кырдаалда Киев сүйлөшүү жолун тандашы керектигин белгилеген.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Киев мыйзам чегинде ага тыюу салган. Батыш Россияны сүйлөшүүгө чакырып, ага Москва даярдыгын көрсөтүүдө, ошол эле учурда Батыш Киевдин диалогдон тынымсыз баш тартканын көңүл сыртында калтырууда.
"НАТОнун ушу кезге чейин тарап кетпегени кызык". Илон Масктын билдирүүсү