Уйкунун тынчтыгына керебеттин жайгашуусу, бөлмөдөгү буюмдар да таасир этет

Адамдын баш жагы да, бут жагы да дубал менен тосулуп тургандай болсо коопсуздукта жаткандай сезим калтырып, уйку тынч болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Тынч уйку жашоо сапатын шарттайт. Уктап жатканда адамдын денесинин да, мээсинин да чарчаганы кетип, күч алып, калыпка түшөт. Ал эми бөлмөдөгү буюмдар, керебеттин жайгашуусу уйкуга таасир берерин бөлмө-кааналардын жайгашуусун уюштуруу боюнча эксперт Анастасия Боркан Sputnik радиосуна айтып берди.
Анын айтымында, адегенде керебеттин жайгашуусуна маани берүү керек. Мисалы, бөлмөнүн каалгасын ачканда эле керебет көрүнө турган болсо адамдын аң-сезими кооптуу жерде жаткандай туюмду берет. Андыктан керебет эшикти ачканда эле көрүнө кала турган жерде эмес, далдоорокто турушу сунушталат.

"Мындан тышкары, баш айнек жакта болбогону оң. Эң жакшысы, баш дагы, бут жак дагы дубал тарапта болсо коргоочу нерсе бардай туюм менен уйку жакшы болот", — деп Боркан уктоочу бөлмөдөгү буюм-тайымдар да уйкунун сапатына таасир этерин белгилеген.

Адистин айтымында, айрым керебеттердин астында чоң тартмалар бар. Көпчүлүк ага жайкы же кышкы бут кийимдерден тартып түрдүү буюмдарды салып койгонго көнгөн. Бирок бул абал адамдын жакшы эс алуусуна терс таасир тийгизет.
"Мисалы, чемодан, бут кийим кыймылды элестеттирген буюмдар. Тартмада салынып турса адам толук кандуу эс ала албайт, ага кездеме буюмдарын салган оң", – деген эксперт.
Сомнолог: кечке маал бир чырм этип алуу түнкү уйкуну бузат