БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Вьетнамда 20 миллиард долларлык пирамида схемасын түздү деп айыпталган аялды өлүм жазасына тартууну сурап жатышат. Бул тууралуу Reuters жазды.
Тиешелүү өтүнүч сотко прокуратурадан түшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, Van Thinh Phat Holdings Group өнүктүрүү компаниясынын 68 жаштагы жетекчиси Чыонг Ми Лан жана анын шериктери Акционердик коммерциялык банктан (SCB) 12,46 миллиард доллардан ашык акчаны чыгарып кетишкен.
Ми Лан менен анын шериктери жасалма бизнеске мыйзамсыз кредиттерди берүүгө, SCB жасалма облигацияларын сатууга жана башка кылмыштар үчүн айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкер айым аткаминерлерге пара берип турган. Алдын ала маалыматтарда айтылгандай, Вьетнамдын мамлекеттик банкынын улук инспектору айыпталуучудан 5,2 миллион доллар алган. SCB жана анын кардарларына келтирилген жалпы зыян 20 миллиардга бааланууда.
Ми Лан күнөөлүү деп табылса, анда бул иш өлкөнүн тарыхындагы эң ири каржылык алдамчылык болуп калат. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул ишке 85 адамдын катыштыгы бар.
Вьетнамда өлүм жазасы өзгөчө чара катары оор кылмыш жасаган адамдарга гана колдонулат.