Жазында күүлүү-күчтүү жүрүш үчүн эмне кылуу керек? Адистин кеңеши

Дарыгердин айтымында, кышкысын күн кыска жана рациондо витаминдүү азыктар аз болгондуктан жаздын келиши менен адамдын организми алсызданып калат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жазда организмге жетишсиз болуп жаткан витамин, микроэлементтерди кантип толуктоого боло тургандыгын диетолог Екатерина Казачкова Sputnik радиосуна айтып берди.
Адистин айтымында, кышкысын күн кыска жана рациондо витаминдүү азыктар аз болгондуктан жаздын келиши менен адамдын организми алсызданып калат.

"Биз кыштан кийин гиповитаминозго кептелебиз, анткени бир нече ай бою жашылча-жемиш жетиштүү деңгээлде болбойт. Кышында көбүнчө тоңдурулган, туздалган же болбосо күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчаларды пайдаланабыз, аларда витамин аз", — деп түшүндүрдү Казачкова.

Дарыгер организм алсыздык, чарчагандык менен күрөшүүсү үчүн көбүрөөк таза абага чыгып, керектүү витаминдерди ичүү керектигин белгилеген.
"Күнөстүү жерлерге чыгып көбүрөөк сейилдеп, бөлмөлөрдү бат-баттан желдетип туруу сунушталат. Бул абдан маанилүү. Эң жакшысы – жазында витаминдер топтомун ичүү. Ал адамга күч, энергия берет. Дарыгердин сунуштамасы жок D витаминин 2000 эл аралык бирдик дозасына чейин жана магний ичсе болот. Адамдардын 90 пайызында бул зат жетишсиз. Мындан тышкары, омега-3 май кислотасын да жыл бою күнүнө 1-2 капсуладан ичүү жакшы жардам берет. Башка витаминдердин баары адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша врачтын сунуштамасы менен ичилет", — деп белгилеген Казачкова.
Үйдөн жасаса болот. Диетолог иммунитетти чыңдай турчу азык тууралуу айтып берди