19-мартка карата аба ырайы

19-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 19-мартта күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +17...+19 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +20...+22 градус жылуу болот.
Эскертүү! Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда көчкү түшөт