Садыр Жапаров ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып алууну тапшырды

Президент мындай чечимди ЖМК жетекчилери менен жолугушуудан кийин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Жапаров ЖМК жетекчилери менен жолугуп, Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору кызуу талкууга алынган.
"Жолугушууда Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен документти толуктап иштеп чыгууну тапшырды", — деп жазган Алагөзов.
Буга чейин бийлик ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин айтып, жаңысын сунуштаган. Анда "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилип, бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүшү зарылдыгы жазылган. Демилгечилердин айтымында, мындай нерсе өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?