“Бишкек башкы архитектура” калааны көркүнө келтирүү долбоорун көрсөттү

Өкмөт башчы борбор өлкөнүн башка чакан шаарларынан анча айырмаланбай калганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. “Бишкек башкы архитектурасы” ишканасы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго калааны көркүнө келтирүү долбоорун көрсөттү.
1 / 3

“Бишкек башкы архитектурасы” ишканасы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго калааны көркүнө келтирүү долбоорун көрсөттү

2 / 3

Өкмөт башчы мекемеге барып жыйын өткөн. Анда жаңы ипподром, “Спартак” стадионунун кичи аренасы, “Ала-Тоо” аянтын модернизациялоо, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин жакшыртуу планы сунушталган.

3 / 3

Ошондой эле “Бишкек башкы архитектура” “Акылдуу паркинг” системасын киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу долбоорлорун тааныштырган

Өкмөт башчы мекемеге барып жыйын өткөн. Анда жаңы ипподром, “Спартак” стадионунун кичи аренасы, “Ала-Тоо” аянтын модернизациялоо, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин жакшыртуу планы сунушталган.
“Бүгүнкү күндө биздин борбор башка чакан шаарлардан анча деле айырмаланбайт. Шаарыбыздын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү керек, Бишкек заманбап, кооз, коопсуз жана таза болушу абзел. Жол-транспорт инфраструктура маселелерин комплекстүү чечүү керек”, — деди Жапаров.
Ошондой эле “Бишкек башкы архитектура” тарабынан “Акылдуу паркинг” системасын киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу долбоорлору тааныштырылган.
Бишкекте асма жол курулат. Мэр анын кайда тартыларын айтты