Экс-депутат Өмүрбек Бакиров 200 миң сом айып төлөйт. Соттун чечими күчүндө калды

Ош облустук соту мурдагы эл өкүлүнүн арызын канааттандыруудан баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ош облустук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировго карата чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Буга чейин Ноокат райондук соту ага 200 миң сом айып салган.
"Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, экс-депутат айыпка жыгылган. Биз бул чечимди артка кайтарууну суранганбыз, бирок Ош облустук соту арызды канааттандыруудан баш тартты", — деди Сүйүнбаева.
Эскерте кетсек, Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. Кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялаган.
2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Атайын кызматтын башчысы Бакировдун "кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин" билерин айткан. Анын эртеси эле депутатты кабинетинен чыгарып салышкан. Андан соң добуш сатып алуу маселеси козголуп, соттук иштер башталып, депутат добуш сатып алууга күнөөлүү деп табылган.
Шайлообек Атазов депутаттык мандатынан кол жууду