БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ак үй Конгресс сурамды бекитпегендиктен мурдагасындай эле Украинаны кошумча финансылоого ылаажы таппай турат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жергиликтүү ЖМКларда АКШ президенти Жозеф Байден Россиянын тоңдурулган каражаттарын пайдалануу боюнча G7нин планын күтүп жатканы боюнча маалыматтар тарады. Ал эми Пентагон өзүнүн арсеналын толтурууга акча жоктугуна карабай, эсебиндеги төрт миллиард долларга жардам жөнөтүү вариантын карап жатканы айтылды.
"Башка альтернатива жок. Бул ирет адашып калууга болбойт", — деген журналисттерге Ак үйдүн маалымат кызматынын орун басары Оливия Далтон.
Американын Украинага бере турган жардамын жаңылоого 60 миң доллар бөлүү жөнүндөгү мыйзам долбоору АКШнын Сенатында бекитилип, бирок Өкүлдөр палатасына келгенде токтоп калды. Эске салсак, аны оппозициялык маанайдагы республикачылар көзөмөлдөйт.
"Бул — тез арада чечилүүчү маселе, украиналыктар үчүн анын маанилүүлүгү күн сайын өсүп жатат", — деп кошумчалаган Далтон.
Ал Конгресстин кол куушуруп отургандыгынын кесепети "картада көрүнө баштагандыгын" белгиледи.