Таттуу, туздууну көп жегендердин тамак-аштын анык даамын сезүүсү начарлайт

Адис бирок бул көйгөйдү жөнгө салуу кыйын эмес экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ооз көңдөйүндөгү атайын рецепторлор аркылуу адам азыктардын накта даамы кандай экенин сезип, тамактануудан ырахат ала алат. Бирок таттуу менен туздуу нормадан ашыкча колдонулса бул системанын иштеши начарлай турганын диетолог Асият Хачирова Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
"Туз менен кумшекер — жашоодогу табигый консерванттар, даамды күчөтүүчүлөр. Эгерде адам тузду же кумшекерди артыкча колдоно берсе даам сезүүчү рецепторлору бузулуп, тамак-аштын накта даамын билүүсү кыйындайт. Мындай система бузулганда адам таттуу же туздууну гана каалай берет. Качан гана анын иштешин жөнгө салганда кайрадан азыктын анык даамы сезиле баштайт", – деген адис. Ошондой эле ал рецепторлорду жөнгө салуу үчүн үч-төрт күн чыдап таттуу же туздууну жебей коюуну сунуштайт.
Мындан кийин сезүү системалары калыбына келип калат.
Анткен менен Хачирова туздуу менен таттуудан биротоло баш тартпаш керектигин белгилеген.
"Кумшекер менен туз организм үчүн зарыл делген нутриенттер. Болгону адамдын күнүмдүк рационунда жер-жемиш, белок жана башка түрдүү азыктар болушу шарт, ошондо ачуу менен таттууга табиттин тарта бериши акырындан кетет", — деп түшүндүргөн диетолог.
Радио
Кыргызстандыктар тузду 2,5 эсе көп колдонот. Нутрициолог зыяны тууралуу