Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет

Калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан мезгилде берүү каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев быйылкы жылга карата шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет. Бул тууралуу шаардык кеңештин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан убакыт ичинде берүү каралууда.
"Кеп коммуналдык кызмат жана коомдук транспорттогу жол киренин тарифи жөнүндө болуп жатат", — деп жазылат кабарда.
Реформага чейин бааны Бишкек шаардык кеңеши бекитчү.
Бишкекте бир айда 120 маршрутка линиядан чыгарылып, ордуна автобус кирет