Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кашкар шаарына барды

Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кашкар шаарына (КЭР СУАР) барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров сапардын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь-Уйгур автономдуу районунун (КЭР) өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катыша турганы айтылат.
Мындан тышкары, “Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашкардагы "Нарын" эркин экономикалык аймагынын кампасына жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун бондалык кампасына баруусу күтүлүүдө.
Минкаб төрагасы: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 млрд. доллар табылды