Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевге жардам берген Британиянын Коргоо штабынын өзүндө муктаждык жаралды

Адмиралдын айтымында, аскердик жетекчилик армияны "тез арада аракетке келгендей" кылып даярдоого киришет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын Коргоо штабынын жетекчиси, адмирал Тони Радакин Украинага берилген жардамдан кийин өлкөнүн алсырап, азайып кеткен курал-жарак корун көбөйтүү зарылдыгы туурасында айтты. Бул боюнча РИА Новости Bloomberg агенттигине шилетеме кылып жазды.
"Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Украинага эки жыл катары менен аскердик жардам бергенден кийин арсенал түгөнүп, өлкө эми өзү ок-дарынын корун "бир топ эле көлөмдө" көбөйтүүгө муктаж болуп турганын айтты", — деп жазды агенттик.
Радакин бул боюнча аналитикалык борбор катары кызмат кылган Эл аралык мамилелер боюнча падышалык институтта сүйлөп жатканда айтты. Коргонуу штабынын жетекчиси Британия армиясын "кансыз согуш" учурундагыдай кылууга умтулбастыгын, бирок "тез арада аракетке келип, ал тургай өлүмгө кептей турган кырдаалдарга" да даяр тургудай түзөрүн белгилеген.
Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Украинанын өтүнүчү Германия министринин кыжырын келтирди