Ден соолукту чыңдоочу нормалар. Эл арасында калыптанган 4 миф

Адис интернетте айтылган бардык кеңештерге ишенүүгө болбой турганын эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Интернетте сергек жашоо образы тууралуу маалымат аябай көп. Бирок бардык эле кеңештер чындыкка дал келе бербейт. Бул тууралуу эпидемиолог Кира Глинка "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтты.
Адис эл арасында калыптанып калган айрым маалыматтарды төгүндөп берген.

Күнүнө эки литрден суу ичүү керек

Суу — организимге эң керектүү зат. Бирок күнүнө эки литр же 8 стакан суу ичүү зарыл деген сөз нормага жатпайт. Себеби адамдар жашы, салмагы жана ден соолугу боюнча айырмаланат. Андыктан сууну ар бир инсан өзүнүн абалына жараша ичиши керек.
"Суу ичүүнү каалабай жатсаңыз өзүңүздү кыйнабаңыз. Суюктукту көп ичкенде гипонатриемия абалы (суу организмде топтолуп, кандагы натрийдин кескин азайышы) пайда болот. Мындан жүрөк-кан тамыр оорулары өрчүп кетиши мүмкүн", — деген дарыгер.

Күн сайын 10 миң кадам басуу

Бул түшүнүк — маркетологдордун ойлоп тапкан амалы. 1960-жылдары япониялык "10 миң метр" деген кадам саноочу аппарат чыккан. Анын жарнамасында күнүнө 10 миң кадам жасаган адам ден соолугун чыңдай алары айтылып келген. Ал эми эл арасында бул түшүнүк калыптанып калган. Чындыгында жаш балдар күнүнө 10 миң кадамдан да көбүрөөк чуркашы мүмкүн. Отуруп иштегендерге бул нерсе ашыктык кылбас.

Алтыдан кийин тамак жегенге болбойт

Арыктагысы келген адамдар кечки саат алтыдан кийин курсагы ачып жатса да тамак ичпей коюшат. Бул туура эмес. Себеби органдар кечкисин дагы иштейт. Ашказандан бөлүнгөн суюктук тамакты эритпесе өзүн-өзү "жей" баштайт. Анын кесепетинен ашказан жарасы же өттө таш пайда болот.

Чуркоо — ден соолуктун булагы

Ашыкча салмак, жүрөк-кан тамыр оорулары же май тамандык менен жабыркагандарга чуркоого болбойт. Эл арасында чуркап, ден соолукту чыңдоого болот деген түшүнүк дагы бардык эле адамга туура келе бербейт. Андыктан алдын ала дарыгер менен кеңешип алган оң.
Трихолог чачты элдик ыкмалар менен "дарылоонун" кесепеттерин айтты