Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камалды

Жолдошбаев ээлик кылган "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдөгү салыкты төлөгөндөн качкан фактылар аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаевдин баш коргоо чарасы тандалганын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
"УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, соттун чечими менен Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камалды", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Жолдошбаев ээлик кылган "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталган. "Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келген. Ошондой эле ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан түшкөн пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени маалым болгон.
Садыр Жапаров болгон мүлкүнүн наркын ачыктап, байларды акчасын катпоого чакырды