Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: Украина Американын жардамысыз Россиядан жеңилет

АКШнын бийлиги Конгресс жаңы акчалай көмөк боюнча мыйзам долбоорун бекитмейин, Киев бийлигине курал-жарак, ок-дары жөнөтө албастыгын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский америкалык сенаторлордун делегациясына АКШнын жардамысыз Украина Россия менен кармашта жеңилип каларын билдирди. Бул туурасында Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Киевде өткөн жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатканда айткан.
"Президент Зеленский мага жана биздин делегацияга бул маанилүү жардамсыз Украина элине, АКШга, демократияга жана эркиндикке оор кесепетин тийгизген утулууга дуушар болорун айтты", — деп жазган Шумер Х социалдык тармагына.
Ал Өкүлдөр палатасы менен спикер Майк Жонсонду Сенат Киевге 60 миллиард доллардан ашык жардамды берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоого чакырган.
АКШнын бийлиги Украина декабрда эле колдоого берилген каражатты сарптап бүткөнүн жана Конгресс жаңы көмөк боюнча тиешелүү документти бекитмейин, Киев бийлигине курал-жарак, ок-дары жөнөтө албастыгын айтып келет.
Ак үй Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүн мыйзам долбоорун демократтар көпчүлүккө ээ болгон Сенат жактыргандан кийин тез арада бекитүүгө чакырууда. Жонсон палатаны Киевге жардам көрсөтүү боюнча документти кабыл алууга мажбурлоого мүмкүн эмес экенин да билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон АКШдан жардам келбесе Украинанын күнү эмне болорун боолголоду