БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кызыл-Омполдогу кенди уран кени деп айтуудан алыс болуп, титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Журналист Кызыл-Омпол кенинин айланасында талкуу жаралып жатканын айтып, кенди иштетүүдөгү алгачкы кадамдарды сураган.
"Кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам. Аны титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан", — деген Жапаров.
Президент кендин 95 пайызы титаномагнетит, 3 пайызы фосфор, 2 пайызы цирконий, 0,22 пайыз торий, 0,17 пайызы уран экенин белгилеген.
"Кандай гана кен байлык чыккан жер болбосун, бир эле курам болбойт. Кумтөрдү алалы. Анда бир эле алтын эмес, күмүш, жез, күкүрт бар. Кызыл-Омполдон титаномагнетитти эле алып, калганын таштап койбойбуз. Руданы ташып барып, Кара-Балтадан ар бирин өз-өзүнчө бөлүп алабыз. Андан кийин кайсыл өлкө сураса, ошол өлкөгө чийки зат катары сатабыз. Акчасы түздөн-түз республикалык казынага келип түшөт", — деген Жапаров.
Ал кен иштетүү боюнча маалыматтар ачык берилип турарын убадалаган.