Салык төлөөдөн качкан. "Беш-Сары" ЖЧКсынын ээси Камчыбек Жолдошбаев кармалды

Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Беш-Сары" ЖЧКсы "Ош" базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ. Атайын кызматтан бул фирмадан ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан фактылар аныкталганын айтышты.
1 / 3

Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, "Беш-Сары" ЖЧКсы "Ош" базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ

3 / 3

Атайын кызматтан бул фирмадан ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан фактылар аныкталганын айтышты

"Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүү иштерин жасап келген. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир топ жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлерге сезилип, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан алган пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени да айтылган.
"Мисалы, ижарачы чынында "Беш-Сарынын" администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөсө, келишимге 9 600 сом деп көрсөтүлгөн. Ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилген эмес. Компаниянын жетекчилиги соода жайларын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган", — деп билдиришти УКМКдан.
Мындан улам ЖЧКнын ээси, мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Садыр Жапаров болгон мүлкүнүн наркын ачыктап, байларды акчасын катпоого чакырды