БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ит мурун – иммунитетти көтөрүп, терини, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Сезгенүүлөрдү токтотуп, организмден холестериндин чыгышын шарттайт. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Александра Разаренова айтып берди.
Адис аталган мөмөнүн курамы уникалдуу экенин белгилеген. Ал бардык мөмө-жемиштер арасында С витамининин өлчөмү боюнча алдыңкы сапта турат.
"100 грамм кургатылган ит мурунда 426 миллиграмм С витамини бар. Бул көрсөткүч апельсин, лимон өңдүү цитрус жемиштерине салыштырмалуу бир нече эсеге көп. С витамини иммундук системанын жакшы иштеши үчүн өтө зарыл, ал вирус, бактериялар менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле коллагендин синтезделишине шарт түзүп, тери жакшырат", – деген Разаренова.
Анда каротиноиддер жана флавоноиддер бар. Ал сырткы таасирлерден терини сактагандыктан эрте картайып кетүүнү алдын алат. Аталган заттар сезгенүүлөргө да каршы иштегендиктен муундарга күч берет.
"Ит мурун пектинге бай болгондуктан организмдеги холестерин да жөнгө салынат. Ал эми андагы А витамини көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берет. Бир чөйчөк сууга 1-2 чай кашык кургатылган мөмө салынышы керек. 70-80 градус жылуулуктагы сууга ит мурунду салып, анын оозун жаап, 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин дем жедирүү зарыл. Мындай ыкмада андагы витаминдер аз жоголот", – деген диетолог.
Адис аталган мөмөнү ичүүдөн мурун дарыгердин кеңешин угуу зарыл экенин эскертти.