БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан кол жуушту.
Депутат Нурлан Ражабалиев (оң жакта)
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Маалым болгондой, экөө тең БШКга өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазган.
Искендер Матраимов — издөө жарыяланган бажычы Райым Матраимовдун бир тууган агасы. №9 Кара-Суу шайлоо округунан депутат болуп келген.
Нурлан Ражабалиев — мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Райым-миллиондун коррупция боюнча ишинде ал да айыпталып, мамлекетке 12 миллион сом төккөн. Бир мандаттуу №2 Баткен округунан шайланган.