УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып кетти. Сүрөт

Үйгө качан мөөр басылганы кабарланган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. УКМКнын тергөөчүсү Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Супаналиев көчөсүндө жайгашка үйгө качан мөөр басылганы кабарланган жок.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райымбек Матраимов мамлекетке жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларды (3 миллиард 98 миллион 134 миң) түзгөн кыймылсыз мүлкүн өткөрүп бергенин маалымдаган. Матраимовго издөө жарыяланган, учурда анын каерде экени белгисиз.
Ташиев: Райым Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин менчигине өтөт