"Көп учурда рак адамдын тиричилигине байланыштуу келип чыгат. Буга терс адаттар, кишинин жашаган жери, кандай химиялык заттарды колдонору да кирет. Мисалы, үйдү басып кеткен көк канцерогендик токсинди бөлүп чыгарат. Вейптердеги суюктук бөлүп чыгарган татаал металлдар да канцерогендик болуп саналат. Туура эмес тамактануу да онкологиялык ооруларды шартоочу фактор, белоктун, майдын жана пайдалуу углеводдун жетишсиздиги да кийин ракты пайда болтуруучу себеп боло алат", — деди Магомедова.
"Өнөкөт оорусу барлар, жакындары онкологиялык оору менен жабыркагандар бир жылда 2-3 жолу текшерүүдөн өтүп турганы жакшы. Кандайдыр бир түшүнүксүз симптомдор пайда болуп, адам өзүн начар сезип жатса, чарчаңкы тартып алы кетсе кол шилтеп жүрө бербей дарыгерге кайрылуу зарыл", — деди Магомедова.