Бишкекте асма жол курулат. Мэр анын кайда тартыларын айтты

Алты чакырымдык аркан жол Жибек Жолу проспектинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектинин үстүнөн тартылат деп айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Борбор калаада Манас проспектинин үстү менен өткөн асма жол пайда болот. Бул туурасында шаар мэри Айбек Жунушалиевдин иштегенинин 100 күндүгү боюнча отчетто айтылган.
Документте узундугу алты чакырымдык аркан жол Жибек Жолу проспектинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектинин үстүнөн тартылары жазылган.
Буга чейин муниципалитеттин башчысы швейцариялык компания менен долбоорду ишке ашыруу планын макулдашып кол койгон. Иш быйылкы жылдын экинчи кварталында башталат. Асма жолду 2025-жылы пайдаланууга берилери белгиленүүдө.
Муниципалитеттен күнүнө бул жол менен 50-100 миң адамдын жүрө аларын айтышты. Долбоорго каражат ар кыл жактан: шаардык бюджеттен, салынган инвестициядан жана кредиттен берилмекчи.
Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу башталды. Видео