Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦ боюнча соңку маалымат. Үйлөргө жылуулук берилип, айланасы тазаланууда

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 8-февралга карата бардык абоненттерге жылуулук, ысык суу берилип, Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Медиаштабдан кабарлашты.
Ага ылайык, учурда ТЭЦте 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштөөдө. Шаардыктардан түшкөн арыздар тез арада каралып жатат.
ТЭЦтин айланасындагы жарылуудан кийинки курулуш материалдарынын калдыктары тазаланып бүтүп калганы айтылды.
"Азыр ТЭЦтеги жарылган имараттын чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ага 576 адам, 17 техника тартылган. Жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү ТЭЦте жарылуу болуп, шаардыктардын айрым бөлүгүнө жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Кырсыктан беш киши жабыркады. Денесинин 80-90 пайызы күйүп калган эки жумушчу ушу тапта Түркияда дарыланып жатат.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталган.
Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун жарлыгы менен Кыргызстанга 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөтүлгөн.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги жарылуунун очогу кайсы жерде жайгашканы айтылды