Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кулаган Ил-76нын экипаж мүчөлөрүн акыркы сапарга узатышууда. Видео

Жүздөгөн адамдар алты аскер кызматкерин эскеришти.
Sputnik
Оренбург облусунда Украина Белгородго жакын жерден атып түшүргөн Ил-76 аскердик учагынын экипажынын курман болгон мүчөлөрү акыркы сапарга узатылууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ага Оренбург аймагынын жетекчиси Денис Паслер келип, ар бир учкучтун табытына гүл коюп, маркумдардын жакындарына көңүл айткан.
Алар менен коштошуу "Оренбуржье" спорттук-маданий комплексинде болгон. Эл Ил-76 экипажынын командири Станислав Беззубкинди, командир жардамчысы Владислав Чмиревди, штурман Алексей Высокинди, борт инженери Андрей Пилуевди, борттун авиациялык техниги Сергей Житеневди жана улук аба радисти Игорь Саблинскийди акыркы сапарга узатууга келген.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы https://sputnik.kg/20240124/belgorod-tik-uchak-kyrsyk-kaza-tapty-1082154243.html кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар менен кошо жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы көз жумган.
Тема боюнча:
Путин Ил-76 учагын америкалык Patriot системасы атып түшүргөнүн айтты