Мамлекеттик жактоочуну "чөнтөк" юрист көрүшөт. Акысыз адвокат тууралуу маек

Кыргызстандыктар арасында алигече жеке жактоочу жалдоо кеңири тарай элек. Укуктук жаңжалга кабылганда гана жарандар өз укук жана кызыкчылыгын коргоо үчүн коргоочу издеп калат. Юридикалык жардамды бекер да алууга болот, бирок "акысыз" жактоочу дайым эле бериле бербейт.
Sputnik
Эмне үчүн бүгүнкү күндө жарандарга укук жана милдеттери боюнча маалымат берүү маанилүү? Мамлекет буга кызыкдарбы? Сот деңгээлиндеги териштирүүлөрдүн санын кантип азайтууга болот? Ушул жана башка маселелерге Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кеңири токтолду.
Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков
— Талаш жагдайлар жаралып калса жарандар өз укук жана милдеттерин билиши үчүн мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлөт?
— Эл арасында бул акысыз юридикалык жардам деп аталат. Адамдар аны ар кандай ыкмалар менен алышат. Өлкө Конституциясынын 61-беренесинде жаранга квалификацияланган юридикалык жардам кепилденгени айтылат. Мындай система совет кезинен бери сакталып келет. Анткен менен, тилекке каршы, алигүнчө ошол институт формалдуу түрдө гана бар. Ошол убактан калган жаманатты кылган жагдай да жок эмес. Мамлекет тарабынан бекитилген жактоочуларды "чөнтөк" юристтер деп коюшчу. Адамдар "акысыз" болсо, демек, алардан эч кандай майнап чыкпайт деп ойлошот.
— Кыргызстандыктар арасында алигече жеке жактоочу жалдоо кеңири тарай элек. Укуктук жаңжалга кабылганда гана жарандар өз укук жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн коргоочу издеп калат. Юридикалык жардамды бекер да алууга болот, бирок "акысыз" жактоочу дайым эле бериле бербейт.
— Жок, мамлекет алар менен келишим түзүп, ал эми алардын кызмат акысы бюджеттен төлөнөт. Бирок кепти биздин негизги иштен, алгачкы жардамдан, башкача айтканда, кадимки консультациялардан баштагым келип турат. Негизи аларды мамлекеттик түзүмдөрдүн баары берүүгө тийиш. Биздин кызмат бул ишмердиктин өзүнчө бир уюштургучу болуп саналат.
Тилекке каршы, иш жүзүндө адам тигил же бул мамлекеттик органга кайрылганда бюрократия, "улам бир жакка жөнөтүү" башталарын билебиз. Биздин милдет – ошондой көрүнүшкө жол бербөө. Талдоолор көрсөткөндөй, укуктук маселелердин 50-60 пайызы сапаттуу жана майнаптуу консультациялык жардам баскычында эле чечилип калат. Эгер бул өз убагында жүргүзүлбөсө, жарандын көйгөйү көкөйгө тийген көк ташка айланып, анын чечилиши үчүн мамлекет алда канча көп күч жумшап, ишке бир топ кызматкерлерди тартууга аргасыз болот. Бирок мындай кызмат көрсөтүүлөрдө мамлекеттик кызматкерлердин баарын көзөмөлдөө чындыгында өтө кыйын, ошол себептен биз азыр жарандардын кайрылуусун каттай турган автоматташтырылган тутумду иштеп чыгуу аракетиндебиз. Ал бардык мамлекеттик органдарга туташтырылып, натыйжада биз ар бир кайрылууну көрө алабыз. Ал жакта киши кандай өтүнүч менен кайрылганы, маселеси кантип чечилгени катталат.
— Эгер кайрылуу системада катталбай калган болсочу? Буга кантип көз салууга болот?
— Бизде ар бир райондун өз координатору бар, ал ушул иш менен алектенет. Андай маалыматтар биз үчүн зарыл. Кайсы райондо, ал тургай кыштакта адамдар көбүнесе кандай маселе менен кайрылып, ошол жактарда кандай көйгөйлөр бар экенин биле алабыз.
Мындан тышкары, ар бир мамлекеттик органда жалпы жонунан алгачкы юридикалык жардам көрсөтүүгө жооптуу жак дайындалат. Ушундай саамалыкты биз бир эле жыл мурун мамлекеттик кепилденген юридикалык көмөк жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясынын алкагында киргиздик. Ага дейре мыйзам сот өндүрүшү башталганда гана жактоочу берүүгө жол берген. Бул өз жемишин бере баштады. Былтыркы жылдын жыйынтыгына үңүлсөк, иштердин 70 пайызга чукулун биз мөөнөтүнөн эрте, анан да оңтойлуу чече алдык. Буга кошумча, экинчи юридикалык жардам алкагында мамлекеттик жактоочулардын жардамы менен 18ден ашуун киши акталды. Юристтер мени жакшы түшүнөт: сотто адамды актоо — өтө татаал процесс. Биз бул тутумдун тарыхына кызыгып, бир үңүлдүк, мамлекет тарабынан дайындалган жактоочу адамды сот залынан чыгарып кеткен учур болбоптур.
Алгачкы юридикалык жардам алкагында мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, бул тутумдун субъектилерине коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар да кирет. Ушул тапта биз жаңы – параюристтер институтун киргизүү далалатындабыз. Булар — жер-жерлердеги жарандык активисттер. Алардын, балким, юридикалык билими жок чыгар, бирок укуктук маселелерди чечүүдө белгилүү бир билим жана жөндөмгө ээ болушат. Иш жүзүндө алар бардык жерде бар, болгону аларда укуктук макам жок.
— Параюристтер жарандарга кандай көмөк көрсөтө алышат?
— Кайсы бир алыскы айылды мисалга алалы, адатта ал жакта жактоочу да, тажрыйбалуу да, иштей элек да юрист жок. Бирок жергиликтүү тургундар кеңеш сурап кайрылган киши сөзсүз чыгат. Биз мына ошондой адамдарды параюристтер категориясына кошкубуз келет. Биздин кызмат аларды туруктуу негизде окутуп турмакчы. Алар Юридикалык жардам кызматы, жактоочулар, мамлекеттик органдар жана жарандардын ортосундагы кандайдыр бир көпүрөгө айланышат. Көйгөйү бар адам эшиктен эшик каккылабай, адашпай тургандай кылып тийиштүү мекемеге гана багыттай алышат.
— Ар бир айылды иш билги юрист менен камсыздоо кыйын. Дайым эле иштин баары кеңеш менен гана чечилип калбайт. Мындай учурда сиздер эмне кыласыздар?
— Биз мезгил-мезгили менен эл аралап турабыз. "Шериктештик автобусу" долбоорун жүзөгө ашырып келебиз. Бул юристтерибиз кайрылган жарандардын маселесин жеринде чечип берүүгө аракет кылышат. Ошол долбоор жалаң гана юристтерден эмес, Социалдык фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Калкты каттоо департаменти, Кадастр жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн да турат.
Биз жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чече ала турган адистерден команда топтойбуз. Алар – үй-бүлөлүк зомбулук, адам сатуу жана башка көйгөлөр боюнча иштеп жүргөн адамдар. Анан, албетте, онлайн-консультацияларды өткөрөбүз. Кантсе да бүгүнкү күндө технологиялар бизге бул шартты түзүп берет. Сайтыбызды мобилдик телефондон сыр сөздү гана терүү менен дароо кызыккан соболго жооп ала алгыдай кылуу үчүн сайтты заманга бапташтырып жатабыз. Атайын чат-боттор да документтин тигил же бул үлгүсүн дароо эле чыгарып беришет. Ошондой эле иш мессенжерлер аркылуу да жүрөт. Таптакыр эле андай мүмкүнчүлүк болбосо, эл 114 номерин терип түз байланыша алышат.
Ислам каржылоо принциби либералдык экономикага олуттуу атаандаш боло алат. Маек
— Жогоруда "Шериктештик автобусу" туурасында кеп кылбадыңызбы. Жарандардын кайрылуулары улам кийинкисинде канчалык өзгөрөт?
— Жалпы жонунан суроолордун тобу алмашпайт деле. Көбүнесе документтештирүү, укук жана социалдык камсыздоо, жөлөк пул, пенсия үчүн кантип, кайда, кайсы документтерди тапшыруунун жол-жоболорун сурашат. Айрымдарында паспорт, балдарынын туулгандыгы тууралуу маселеси болсо, кай бирлеринин нике-ажырашуу процесстери, эң оболу, мүлк бөлүшүү, алимент, жер укугу, тилке алуу, жер бөлүштүрүү боюнча көйгөйлөрү, мурастоо боюнча соболдору бар. Кылмыш иштеринин алкагында да көп кызмат көрсөтүлбөй койбойт. Кардарларыбыздын көпчүлүгү — кылмышка шектүү, айыпталуучулар. Жабыркагандар алардан азыраак кайрылышат.
— Мамлекеттик жактоочу сурагандардын да саны көп болобу?
— Камакка алынган учурдан тарта адам укугу бузулган фактылар арбын. Адам кармалат, апкаарып, алапайын таппай калат. Эмне кылышты билбей көп учурда катачылыктарды кетирет. Кай бир жерде туура эмес кол койсо, кээде туура эмес сүйлөп алат. Булардын баары, белгилүү болгондой, адамдын өзүнө каршы колдонулат. Миранда эрежеси деген бар, ал бизде да иштейт. Башкача айтканда, укук коргоо органдары адамга анын укуктары жөнүндө айтып берип, эмнеге айыпталып жатканын түшүндүрүп, ага натыйжалуу бир телефон чалууга мүмкүндүк бериши керек. Эгер жактоочусу болбосо, анда ошол телефон чалган адамы 114 номери аркылуу биздин кызматка кайрылышы шарт. Негизи бул милдетти укук коргоо түзүмдөрү деле аткарууга тийиш.
Андан соң мыйзам жактоочусу келгенче үндөбөй коюуга мүмкүндүк берет. Бирок адвокаттын акысыз кызматын баары тегиз пайдалана алышпайт. Мыйзам кимге "акысыз" жактоочу берилип, кимге берилбестиги боюнча талаптарды аныктайт.
Кылмыш иштеринин алкагында мындай көмөк бардык адамдарга көрсөтүлөт. Анын ичинде чет элдик жарандарга да, жарандыгы жок жана качкындарга да, I, II топтогу майыптыгы бар адамдарга да, жалгыз бой энелерге да, ыкчам кызмат өтөөдөгү аскер кызматкерлери, мамлекеттик үй-интернаттагы карыяларга да ушундай жардам берилет. Биз бул категориядагы адамдардын кирешелерин текшербейбиз.
Жарандардын экинчи категориясы бар. Эгер адамдын кирешеси эң аз айлык акынын 60 эсе болгон өлчөмүнөн ашпаса, ал киши акысыз жактоочу алууга укуктуу.
— Бул канча акча болот?
— Мисалга, 2023-жылы бул өлчөм 2 300 сомду түзгөн. Ушул сумманы 60ка көбөйтүп, он эки айга бөлөбүз. Эгер адамдын өткөн жылдагы бир айлык кирешеси 11 400 сомдон ашпаса, ал акысыз жактоочунун кызматынан пайдаланууга акылуу. Кызыгы, расмий маалыматтарды каттаган Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө жарандарынын дээрлик алтымыш пайызынын кирешеси ушул көрсөткүчтөн ашпайт, демек, иш жүзүндө алар – биздин кардарлар.
— Жарандар мамлекетке маянасынын анык өлчөмүн көрсөтпөгөнүнөн улам да көрсөткүч ушундай жогорубу?
— Салык органдарына өтүнүч жөнөтөбүз. Бирок эң башкысы, биз кардарларга аз камсыз болгонун же кирешеси төмөн экенин тастыктаган документ алып келүү түйшүгүн жүктөбөйбүз. "Түндүк" тутуму аркылуу бул милдетти өз мойнубузга алабыз. Ал аркылуу адамдын кирешесин, макамын аныктап, акысыз жактоочу берилип-берилбей турганын тактайбыз.
— Мамлекет тарабынан дайындалган жактоочулар майнапсыз деген пикир бар. Сурамжылоолордо адамдар мындай адвокаттар сурак, процессуалдык аракеттер жана башкаларда коштобой турганын айтышкан.
— Ооба, эл арасында акысыз жактоочу эч кандай жардам бере албайт деген ой бар экенин дагы бир ирет белгилей кетейин. Жактоочулар ушул тутумда иштөөгө кызыкдар болушу шарт. Эгер майнаптуу жыйынтыкка ээ болгубуз келсе, биз алардын эмгек акысын да ошого жараша арттырууга кам көрүүгө тийишпиз. Эгер 2018-жылы республика боюнча мамлекет жактоочулардын эмгек акысы үчүн 16-17 млн сом бөлсө, 2019-жылдан тарта бул бюджет 70 млн сомго жеткен. Бул берененин дагы артышын күтүп жатабыз.
— Жылына канча юрист мындай ишке тартылат?
— Ар кандай, зарылдыгына жараша болот. Бирок, тилекке каршы, жактоочулар Бишкек, Ош шаарларында топтолгон. Ал эми аймактарда алар дээрлик жок. Элестетип көрүңүз, Тогуз-Торо районунда бир дагы жактоочу жок. Биз эмгек акыны көтөрдүк, ошондо гана аймактарга барып иштөөгө көңүлдөнгөндөр чыга баштады. Бирок биз ар бир тыйынды, алардын канчалык натыйжалуу пайдаланылганы үчүн отчет беришибиз керек. Ошол себептен жактоочуларга минималдык талаптарды киргизүүнү чечкенбиз. Талаптар аткарылганда гана аларга гонорар берилет.
Мурда жактоочуга ал тигил же бул ишке катышкандыгы туурасында тергөөчүнүн токтому же соттун аныктамасынын негизинде гана акы төлөнсө, азыр андай жобо жок. Анткен менен адвокат ишти жүргүзүү жөнүндө отчет тапшырууга тийиш. Анан да кардары тарабынан даттануу болбогону дурус.
— Бул багытка жактоочулардын баары эле тартылабы же кандайдыр бир критерийлер боюнча тандалабы?
— Алар ошол эле жеке жактоочулар. Биз эмнени түшүндүк? Укук коргоо органдары өздөрүнүн тилинен чыкпаган жактоочуларды ишке тартпашы керектигин аңдадык. Жашырганда эмне, мындай көрүнүштөр жок эмес. Тергөөчү же сот жактоочуга иштеги бир боштукту же мыйзам бузууну аныктап кое тургандай ашыкча суроолордун берилишине кызыкдар. Мониторингдин тыянактары боюнча, биз жактоочулардын рейтингин түзөбүз. Бул тутумга жаш, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, негизинен юридикалык клиникаларда аздыр-көптүр иштеп тажрыйба топтоону жана ысымын таанытууну каалаган балдарды тарткыбыз келет.
Биз аларга теорияны да окутуп, иш жүзүндө да кесиптик жөндөмдөрдү үйрөтөбүз. Жактоочулук лицензия алуу боюнча сынакка даярдап, андан соң биздин тутумга жумушка орнотобуз. Кыймылсыз мүлк, автоунаа "сатып алуу жана сатууларды" каттоодо жарандар мамлекеттик нотариуска барууну туура көрүп, аларды ишенимдүү деп санайт. Биз да коомдо "акысыз" жактоочуларга да ошондой мамилени калыптандырууга умтулуубуз зарыл.
— Мамлекеттик жактоочу иш натыйжасыз болорун аңдаса андан баш тарта алабы?
— Жаңы стандарттардын алкагында адвокат өз кардары менен иш алпарууда тактика жана позициясын иштеп чыгууга тийиш. Баары бир кырдаал майнапсыз деп эсептесе муну негиздеп бериши шарт. Бирок кардары коргоону ошол юристтин улантышын өтүнүп, бул боюнча жазуу түрүндө кайрылса жактоочу ишти улантат.
Медицинаны санариптештирүү кандай жүрүүдө? Министрдин орун басары менен маек