Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги авария. Түркмөнстан жөнөткөн газ Бишкекке жетти

Өлкөгө темир жол аркылуу 58 вагон газ келген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Түркмөнстан ТЭЦтеги жарылууга байланыштуу гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу медиаштабдан кабарлашты.
1 / 2

Түркмөнстан ТЭЦтеги жарылууга байланыштуу гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти

2 / 2

Билдирмеге караганда, өлкөгө темир жол аркылуу 58 вагон газ келген. Гуманитардык жардамды энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев тосуп алып, Түркмөнстандын президенти, энергетика министри жана "Түркмөнгаз" мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирген

Билдирмеге караганда, өлкөгө темир жол аркылуу 58 вагон газ келген. Гуманитардык жардамды энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев тосуп алып, Түркмөнстандын президенти, энергетика министри жана "Түркмөнгаз" мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирген.
Эске салсак, Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун жарлыгы менен Кыргызстанга 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөтүлгөн.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды