Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦиндеги авария: эми Түркмөнстан менен Казакстан жардамга кол сунду

Кечээ Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Түркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Жардам берүү боюнча атайын документке президент Сердар Бердымухамедов кол койгон.
"Мындай акцияларды жасоо — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири. Башка кыйынчылык түшүп турганда берген жардам өзгөчө маанилүү, ал эми бир тууган өлкөгө көмөк көрсөтүү гуманизмдин улуу ишинин уланышы", — деп айтылган Түркмөнстан президентинин сайтындагы маалыматта.
Жардам поезд менен жөнөтүлгөн.
Түркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Мындан мурдараак коңшу Казакстан да Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан улам жардам көрсөтөрү тууралуу маалымдалган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен казак тарап Жамбыл ГРЭСинен келген электр кубатынын көлөмүн көбөйтүүнү чечкен.
Кечээ, 3-февралда, Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөтүп, ал Жалал-Абадга жеткен.
Коңшу өлкө суюлтулган газ толтурулган 1000 баллонду 9 жүк ташуучу унаа менен жөнөткөн. Ал "Бек-Абад" посту аркылуу өткөрүлгөн.
2024-жылдын 2-февралында болгон Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.
Жекшемби (4-февраль) эртең мененкиге карата 8 буу казан жана 4 турбогенератор иштеп жатканы айтылды. ТЭЦтин жалпы активдүү кубаттуулугу учурда 270 мегаватты түзөт. Ысык суунун температурасы 40тан 61 градуска чейин берилип, авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды