Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкектеги ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетиши мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ башчысы Бообек Ажыкеев брифинг учурунда билдирди.
"Бишкектин ооруканаларын жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт", — деген министрдин орун басары.

"Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынын жетекчисинин орун басары Шаршенбек Сарыкеев борбор калаанын түштүк аймагы толугу менен жылуулуксуз калганын билдирди. Анын айтымында, учурда № 3-8, 11, 12, Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда жылуулук жок.

Авария ТЭЦтин 14-отканасында болушу мүмкүн деп болжолдонуп, учурда комиссия иштеп жатканы айтылды.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авариядан улам Бишкектин мектептери онлайн окуп, бакчалар иштебейт