БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Куурулган картошканы ашыкча колдонуу мээни жабыркатат. Бул тууралуу диетолог Елена Соломотина Sputnik радиосундагы маегинде айтып берди.
Ал белгилегендей, куурулган картошка организмде ар кандай патологияны жаратып, кан тамырдын ишин бузат.
"Сууга бышырылган картошкага караганда куурулган түрүндө гликемиялык индекс (глюкозанын канга сиңген ылдамдыгын баалоочу көрсөткүч) жогору болот. Эгерде куурулган картошканы ашыкча жесек, кандагы глюкозанын деңгээли жогорулап кетет. Бул организмдеги терс көрүнүштөрдү пайда кылат. Тагыраагы, жабыркаган кан тамырлар холестирин менен чапталып калат", — деген адис.
Ал ошондой эле холестерин кан айланууну оорлотуп, мээнин кан менен камсыздалышын бузарын айткан.
"Мээге кычкылтек менен азыктануучу заттар жетпей баштайт. Мындан улам мээ жабыркап, көптөгөн нейрондор өлүп калат", — деген дарыгер.