Карыздын суммасы эмес, каякка корогону маанилүү. Мамлекеттик карыз тууралуу маек

Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз өлкөнүн сырткы жана ички карызы тууралуу сүйлөштүк.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Кыргызстандын тышкы карызы 6 миллиард доллардан ашты. Бул канчалык кооптуу?
— Бул сумманын 4 миллиардан ашыгы сырткы карыз. Бирок башка өлкөлөрдүкү биздикинен да көп. Ошол эле Казакстандыкы Кыргызстанга караганда 100 эсе көп десек болот. Американыкы 34 триллион доллардан ашты. Экономикада салык ИДП менен салыштырылат. Ушул көрсөткүч менен алганда тышкы карызы көп мамлекет Кытай менен Япония экен.
2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын карызы ИДПнын 57,5 пайызын түзөт. Тышкы карыздын 1,7 миллиард долларын Кытайдын экспорт-импорттук банкынан алганбыз. Бул банк Кытайдын атынан чет өлкөлөр менен соода келимишимдерин түзүп, карыз берип, чоң-чоң долбоорлор менен иштешет. Анан Батыштагы үч чоң мекеме — Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюталык фонд (МВФ) жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясына бересебиз. Негизинен батыштык чоң глобалдык каржы институттарынын түбү бир эле. Булар өз ара тыгыз байланышта иштешет. Бул жерде акылдуу каржы саясаты жүргүзүлгөн десек болот. Анткени бир эле булак аркылуу карыз бере берсе дүйнөнүн башка мамлекеттеринде чочулоо пайда болушу ыктымал да. Ал эми 5-6 банк, фонд түзүп коюп иш жүргүзсө тамыры бир экенине маани бербей, ар кайсы тараптан, ар башка шартта карыз алып жаткандай элес калтырат.
Евразия өнүктүрүү банкы да 100 миллиондун тегерегинде карыз бериптир. Бул жерде Россия Федерациясы аталган банк аркылуу берип жаткан каражаттарды да эске ала кетишибиз керек. Мындан сырткары, япониялык компанияга, Түркия өкмөтүнө жана башка анча чоң эмес 40тай уюмга бересебиз бар.
— Сырткы карыздар көп тармактуу же эки тараптуу деп бөлүнөт. Айырмасын айтсаңыз. Ошол эле Кытайдан алган карызда күрөө катары ЖЭБ, Ош — Бишкек жолу өңдүү объектилер келишимге кирип, карыз учурунда төлөнбөй калса аларды тарттырып жиберүү тууралуу да сөздөр болду эле...
— Эгер келишимге кирип калса чын эле кооптуулук жаралат. Кытай буга чейин Африка өлкөлөрүнөн карызын төлөй албай калганы үчүн бир катар жерлерди, портторду алып койгон. Алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекет Тажикстанда деле ушундай окуя болгон. Бул жерде биздин өкмөттүн, тиешелүү юристтердин жоопкерчилиги чоң. Кытай да акчаны абдан көп чыгарып салгандыктан Африкага чейин карыз берип, стратегиялык план менен иштеп жатышат.
Эми карыздын түрүнө токтоло турган болсок, жөнөкөй тил менен айтканда, эки тараптуу келишим эки өкмөттүн сүйлөшүүсү аркылуу ишке ашат. Ага ар кандай нормалар кирип калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бере турган тарап өзүнө гана ыңгайлуу шартты сунуштап коюшу ыктымал. Ал эми көп тараптуу келишимдер ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу ар кандай платформалардын максаттарын жүзөгө ашырууга берилет. Албетте, карыз алуучу тарапка көп тараптуу келишим ыңгайлуу. Анткени ал ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгүн бөлүп карап шарт койбой, баарына бирдей талап менен түзүлөт.
— Кыргызстандын карыздарына инфляциянын таасири кандай?
— Инфляция биздин сомубузга каршы ойноп жатат. Акчаны сом менен эмес, доллар же юань менен кайтарабыз да. Сом түшкөн сайын доллар, евро көтөрүлөт. Экономикасы күчтүү мамлекеттер деле карызды улуттук валютасынан башка валюта менен албаганга аракет кылышат. Анткени бул, биринчиден, күчтүү валютанын кунунун өсүшү менен карызга тийгизген таасирине байланыштуу болсо, экинчиден, ошол мамлекеттин валютасын керектүү өлчөмдө кармап турганга шарт түзөт. Тилекке каршы, биз карыз алып жатканда берүүчү тараптардын койгон валютасы менен алып келебиз. Алардын ичинде доллар, евро, юань, рубль бар. Бергенде да ошол валютада кайтаруу милдеттемелерин алганбыз. Андыктан Кыргызстандын сырткы карызынын шартында инфляциянын өсүшү менен мезгил өтүп карызыбыз аз эле сумма болуп калат деп айта албайбыз.
Бирок карыз алып жатканда канча сумма алдың, кандай валюта менен алып жатасың деген суроого караганда, "алган каражатты каякка жумшадың" деген собол курч турат. Акчаны өндүрүшкө салып, кайра "тууй" турган системага жумшасак, анда карыз алуу коркунучтуу болбойт. Ал эми биз көбүнесе социалдык багыттагы маселелерге: жол куруу, айлык, пенсия төлөө сыяктуу кайра каражат алып келбеген тармактарга жумшап салабыз. Мына ушул — ойлондурчу маселе.
Энергетикалык рынок, логистикалык чынжырчалар, соода-сатык. ЕЭК министринин маеги
— Кыргызстандын ички карызы башка мамлекеттер менен салыштырып караганда аз. Өлкө бул багытты өнүктүрүшү керекпи? Карыз алуунун кайсынысы өлкө экономикасы үчүн кооптуулугу төмөн болуп эсептелет?
—"Бюджетке мынча жетпей жатат" дегенди угуп калабыз. Анткени пенсияга, айлык акыга айына акча бөлүп беришибиз керек. Ушундай кыйын кырдаал жаралганда өкмөт Улуттук банк жана Финансы министрлигинен кыска мөөнөтүү карыздарды алып турат. Андан соң министрлик баалуу кагаздарды чыгарат да, аны ири каржы уюмдарына сатат. Аны кайтарарда азыраак пайыз кошулат. Сатып алуучуларга мына ушунусу пайда алып келет. Негизи эле ички карыздын экономикага таасири күч. Тышкы карыздын көбүн социалдык маселелерге коротуп жатпайбызбы. Бул экономикалык туура эмес башкаруу десек болот. Социалдык көйгөйлөрүбүздүн басымдуу бөлүгүн ички карыз алуу жолу менен жаап, сырттан алынган карыздарды импорттогонго керектелүүчү валюталарга жумшасак болот. Башкача айтканда, сырттан товар импорттоп жатканда ал айыл чарба шайманы же медициналык жабдыктар болушу мүмкүн. Айтор, бардык импорттук товарларга ошол тыштан алынган акчаны жумшоо керек.
Эл аралык тажырыйбаны карап көрсөк, бай өлкөлөр деле ички карыз алуунун түрдүү системаларын иштеп чыгып, социалдык маселелерин ошол аркылуу чечип келишет. Мында мамлекет биринчи кезекте валюталардын курсундагы айырмачылыктан жана ар кандай форс-мажор абалда жаралган туруксуздуктан жабыр тартпайт. Өзгөчө учурдагы ири өзгөрүүлөр жүрүп жаткан геосаясий абалда бул орчундуу маселе.
Бирок азыркы биз жашап жаткан либералдык экономиканын эки тизгин, бир чылбырын кармап турган өлкөлөр буга макул боло бербейт. Анткени доллардан көз каранды болуп жашаган биз сыяктуу чакан мамлекеттер ички карыз алуу системасын өнүктүрүп, социалдык маселелерге акча сурабай калса, анда доллардын, евронун баасы түшүп кетет. Бул система Bretton Woods деп аталат. Ал 1944-жылы түзүлүп, долларды эл аралык валютага айландырууну максат кылган. Анын арты менен Эл аралык банк, Эл аралык валюта фонду, Эл аралык соода уюму түзүлгөн. Булар доллардын кунун түшүрбөй, эл аралык кадырын кармап туруу тапшырмасы менен иш алып барышат. Эгер биз ички карыз менен жан багууну чечсек, сырттан мындай кадамга баруу "туура эмес" болорун каңкуулаган "рекомендациялар" келиши мүмкүн.
Сырткы карыз ИДПнын 57 пайызын түзүп турганы да бекеринен эмес. Ушул эле эл аралык уюмдар ушундай талап коюшкан. Кээ бир аткаминерлердин "тышкы карызыбыз 60 пайыздан ашып кетсе Эл аралык валюта фондунун нааразычылыгын жаратабыз" деген чочулоосун угуп эле жүрөбүз да. "Анда биздин эгемендигибиз кайда" деп сурагың келет. Азыр эми бул көрсөткүчтү 70 пайызга көтөрүп коюшту. Бул жерде биз бир эле сырткы карызды ИДПнын 60-70 пайызынан ашырбоо эмес, анын ичинде ички карызды да жогорулатпоо, чектөө, өнүктүрбөө деп түшүнүшүбүз керек. Ошол эле мезгилде бүт Батыш мамлекеттери, Германия, Франциянын карызы ИДПсынын 100 пайызынан да ашып кеткенин көрүп турбайбызбы. Алардын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп эле келе жатат. Демек, "60тан ашса деле болот турбайбы" деген ой келет. Ошондуктан жолун таап, ички карызды кантип көтөрүү керектигин ойлонуу зарыл.
Ошол эле "Санарип сом" долбоорун киргизүү менен ички карызды өнүктүрсөк болот. Ал инфраструктуралык өнүктүрүү жана башка өндүрүш тармагында ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда иштеген каржылык платформа болуп бере алмак.
— "Санарип сом" долбоору коррупцияга жол ачпайбы?
— "Санарип сом" долбоору иштей баштаганда канча акча кайда кеткени ачык көрүнүп турат. Демек, коррупцияга жол берилбейт. Максатыбыз реалдуу секторду көтөрүү болуп жатат.
Санарип сом ("Санарип сом" — бул электрондук акча эмес, өзүнчө долбоор — ред.) акчанын үчүнчү түрү дегенди билдирет. Улуттук банктын долбоору. Санарип сом электрондук акчадай накталайга айланбайт. Бул мамлекеттин атынан чыккан баалуу кагаз. Мисалы, мектеп, бала бакча салдырууда өкмөт курулуш компанияга акысын жарым-жартылай санарип сом менен төлөсө болот. Мындай жол менен рынокту да кеңейтсе болот. Курулушчу кирпич чыгарган заводго барат да, алган кирпичинин акчасын 70 пайыз акча, 30 пайызын санарип сом менен кутулууга макулдашат. Ошондой жол менен санарип сом ички карыз катары экономикабызда айланышы керек болчу. Ал карыз, баалуу кагаз, салык аркылуу мамлекетке келет. Бирок мамлекеттик аткаминерлер бул системаны түшүнбөй калдыбы же долбоордун кагазы даяр эмеспи, айтор, ишке ашпай калды. Бул ички карыздын көлөмүн бир аз көбөйтүп, ошол эле учурда экономикага стимул берген инструмент болмок. Ири курулуш компаниялар жумушчуларына социалдык пакет катары мамлекеттик санаторийлерге эс алууга жолдомо берсе да болот. Мунун жарымын акчалай, жарымын ички карыздын эсебинен жасаса мамлекетке да пайда, санаторийлерге да кошумча иш. Акча жок кезде ички карыз менен экономиканы кантип стимулдаштырууга болору тууралуу эл аралык аренада көптөгөн тажрыйбалар бар.
Өз өндүрүшүбүздү колдобосок улуттук валютага басым күчөйт. Маек