Sputnik Кыргызстан коомдук транспорт жаатындагы жаңычылдыктар, шаарды каптаган кара түтүн көйгөйү кантип чечилип жатканы, автобекеттер менен айрым базарлар эмнеликтен калаанын четине көчүрүлө турганы боюнча мэрге суроо узатты.
— Бишкектин аянты жакын арада үч эсеге кеңейтиле турган болду. Эмне үчүн мындай кадам жасалууда?
— Кыргызстан бир нече жылдан бери улам кийинкиге калтырылып келген административдик-территориялык реформаны баштоого киришти. Былтыр өлкө жетекчилиги жоопкерчиликти өзүнө алуу менен ушундай чечим кабыл алган. Нарын жана Түп районундагы ушундай реформалардын жыйынтыгы дурус. Борбор шаарыбыз да четте калбастан, тескерисинче, локомотив катары өрнөк болууга тийиш.
Реформанын максаты — айыл өкмөт, айыл-кыштактарды ирилештирип, шаарлардын аянтын кеңейтүү. Бул башкаруу дараметин түптөп, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөнү тийиштүү деңгээлге көтөрүп, ошондой эле айыл өкмөтү жана шаарлардын жашоочуларына ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө өбөлгө болмокчу. Эгер калаабыздын картасына үңүлсөк, кандай территориялык, маселен, радиалдык же тик бурчтуу принцип боюнча өнүгүп жатканын көрүүгө болот.
Ушул принциптер сакталса иштей турган жол инфраструктурасын түзүп берет. Шаарларда жолдордун жөнгө салынуучу жана салынбаган эки түрү бар. Тилекке каршы, Бишкектеги жол тыгынынын себептеринин бири – бизде жолдордун дээрлик баары жөнгө салынып, алардын жүгүн жеңилдетип, бир жерден экинчи жерге шаарды аралабастан өтүүгө мүмкүндүк бере турган түрлөрү жок. Натыйжада сырттан келе жаткан унаалар да көптөгөн жол чырактарына улам токтоп, жол тыгынын жаратып өтүүгө мажбур болушат. Ошол себептен биз кыймылды радиалдык уюштуруу жолун туура көрдүк. Борбор калаанын курамына кире турган айыл өкмөтү, аймактар ошого жараша айланма жана негизги көчөлөрдүн жүгүн жеңилдетүүчү жолдорду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн тандалды. Бул шаардын борбордук жолдоруна күч келтирбөөнү өбөлгөлөйт.
— Жаңы аймактардын кошулушу менен Бишкек чоң кыштакка айланып калбайбы?
— Андайга жол бербөө үчүн жерди трансформациялоого мораторий киргизилет. Борбор калаанын курамына кире турган аянттар шаарга таандык болуп, наркы да өсөт. Чектөөлөр ошол айыл өкмөттөрүнүн кошулушун эске алуу менен Бишкектин башкы планы бекитилмейинче жүрөт. Башкача айтканда, ошондон кийин гана кайсы жерге көп кабаттуу турак жайлар, социалдык объектилер курулары, ал эми жолдор кайсы багыттарга салынары аныкталып, жаңы жерлерди курулуш үчүн трансформациялоо башталат.
Албетте, кызыл кулактыкка жол бербөө, курулушту баштаарда жерлер жеке менчикке өтүп, аларды калааны өнүктүрүүгө колдоно албай калбашыбыз үчүн сатып алуу-сатыкка да мораторий киргизилсе оң болмок. Алдыда аткарылчу иштер арбын. Жердин кадастрдык наркын аныктайбыз. Бишкекке кире турган калктуу пунктуларда жол жана тротуарларды куруу иштери башталышы шарт. Кеп борбор калаа туурасында болгондуктан, инфраструктура да анын макамына ылайык болушу шарт. Бүгүнкү күндө биз шаардын "тышкы коду" боюнча макулдашып жатабыз, бардык иштер ошого жараша жүргүзүлмөкчү.
— Сизден мурдагы шаар мэри Балбак Түлөбаев, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты калаада ыштын азайганы байкала баштаганын айтты. Сиз кандай ойдосуз, бул аракеттердин үзүрүбү же аба ырайы гана аны шарттап турабы?
— Түтүн азая түшкөнүн айтсак эле дароо аба ырайын эстеп, ал эми кара түтүн күчөгөнү жөнүндө кеп кылсак бийликтин аракетсиздигин белгилеп калабыз. Бул эки учурда тең кара түтүндүн себептерин баары эле жакшы биле беришпейт. Аба ырайы да таасир этери ырас: температуранын инверсиясында – майда диспердик бөлүкчөлөр төмөн карай түшүп, түтүндүн тыгыз катмарын түзгөнүн байкайбыз. Анткен менен аба ырайы атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын санына таасир этери арсар. Мында масштабдуу иштер аткарылууда.
Менимче, ыштын азайышы — жүргүзүлгөн иш-аракеттердин, тагыраагы, калаада газ коюу иштеринин жыйынтыгы. Борбор калаада 47 конуш бар, алардын 36сына газ киргизилди. Бул багытта иштер дагы уланмакчы. Ошондой эле 22 муниципалдык объектиге газ коюлду. Мындын тышкары, 10 миң абонент газ менен жылытууга өттү. Дал ушул себептен быйылкы кышта биз абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына кирген жокпуз. Эл өкүлүнүн айтканына кошулам, булардын баары — мамлекеттик органдардын ишинин натыйжасы. Анан да ал киши таамай белгилегендей, кеп былтыркы гана эмес, үч-төрт жылдан берки иш-аракеттердин майнаптуулугунда.
Ошол эле учурда шаардагы абанын бузулушуна кошул-ташыл болгон таштанды полигонундагы өрт өчүрүлдү. Ушул тапта ал жакта калдыктарды кайра иштетүүчү завод куруу долбоорубуз бар. Техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгары менен долбоорду тааныштырып, аны жүзөгө ашырууга киришебиз.
— Былтыркы жыл бишкектиктердин эсинде бир нече күн бою суусуз жашоо менен эсинде калды окшойт. Кандай тыянак чыгарылды? Жаңырган жылы андай кырдаал кайталанбайбы?
— Андай коркунуч дайым бар, себеби кургак климат суу деңгээлинин азайышына кептейт. Анткен менен биз да активдүү аракет кылуудабыз... Тилекке каршы, Баш-Кара-Суу жаатындагы иш создугуп кетти. Кызматка дайындалгандан берки бир ай аралыгында 4 гектар жер трансформацияланып, мамлекеттик акт түзүлүп, бул жер Бишкекке өткөрүлдү. Ал жакта шаардын бир бөлүгүн суу менен камсыздай турган беш скважина курулат, май айынын аягына дейре бүткөрүлмөкчү. Ошондой эле Орто-Алыш кенинде да иштер жүрүп жатат. Бизде тогуз көл бар, алар жер алдындагы сууларды байытат. Биз үч ири көлдү тазалап, тонналаган ылайдан арылттык, менимче, көрсөткүч мындан да көп болушу ыктымал. Ал жактарда пайдалануу маалында суунун тазаланышын басаңдаткан чоң бак-дарактар өсүп калыптыр. Жээктери тазаланып, көлдөрдүн көлөмү да кеңейе түштү. Суунун тез тазаланышы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, таштандыны тазаладык. Бул дагы анын сапатын кыйла арттыра алат. Эгер аба ырайы жакшы болуп турса, бул көлдөрдү толтуруу үчүн жай мезгилин күтүүнүн деле кажети жок. Биз даярбыз, тийиштүү адистер тастыктаары менен жер алдындагы суу кендерин байыта (азыктандыра) баштайбыз.
Жер алдындагы суулардын деңгээлинин ашыкча ар бир метри насостордун ишин үзгүлтүккө учураткан былтыркыдай кырдаалга жол бербешибиз керек. Шаардагы таза суу жагдайына Жылуулук электр станциясындагы алдын алуу иштери да таасир этет. Ысык суу өчүрүлгөн тушта шаардыктар таза сууну жылытып күч келе түшөт. Мында да кандайдыр бир жолун табуу абзел.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO
— Келиңиз, коомдук транспорт туурасында да сүйлөшөлү. Эмне үчүн шаардыктар үчүн автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдү калтырууну чечтиңиздер?
— Муниципалдык транспортто накталай төлөмдү жоюу чечими кабыл алынганда жүргүнчүлөрдүн агымын жана чыгымды тескөөнүн эч бир технологиясы жок эле. Мен бул ишке келген тушта күнүнө 150 миң транзакция аткарылчу. Жаңы технологияларды колдонуу менен көзөмөлдү күчөтүп, эки-үч автобуска датчик орнотуу менен биз алардын санын 350 миңге чыгардык.
Жарандардын адилеттүү нааразычылыгын жаратып 25-30 сомдук дифференцияланган тарифти киргизүүнүн кажети жоктугу айкындалды. Тарифтин 20 сомго чейин көтөрүлүшүнө жүргүнчүлөр ыраазы болуп-болбогонун айта албайм, бирок биз үчүн бул — консенсус. Ошондой жол менен гана автобустарды жакшы кармай алабыз.
Кеп эми жеңилдик берүү боюнча болсун. Мурда автобустар аз эле, маршруткалар борбор калаа ичинде ары-бери каттоонун негизги ыкмасына айланган. Аларга пенсионерлер жана башка жеңилдик берилген кишилер баары бир төлөөгө тийиш болчу. Эми муниципалдык транспорттун саны алда канча көбөйгөн учурда бул кишилердин акысыз каттоого мүмкүнчүлүгү арта түштү. Тарифтер көтөрүлгөн шартта да жеңилдиктердин баары сакталат. Ал тургай биз аткарууга даяр сунуштар да жаңырды. Маселен, жүргүнчү бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн бир нече транспорт алмаштырууга туура келсе, бир төлөм менен барар жерине жетип алгыдай убакытты белгилей алабыз... Бул үчүн тутумду дагы иштеп чыгуу зарыл. Кандай болгон шартта да бардык реформалардын максаты — шаардыктар жана борбор калаанын меймандарына жагымдуу жана ыңгайлуу шарт түзүп берүү.
— Билетсиз жүргүнчүлөр жазаланабы?
— Ооба, жүргүнчүлөрдү да көзөмөлдөө зарыл, чечимдин долбоору чыккан. Транспортто накталай төлөмгө тыюу салынганда тааныштарым балдары автобустарда көп каттап калышканын айтышты. Көрсө, алар жол кирени төлөбөстөн эле каттап жүрүшүптүр. Айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлдү. Мындан сырткары, мурдагы карыздарды да көтөрүп чыктык, автотранспорттук мекемелердин эски жетекчилерин акчаны кайтарууга милдеттендиребиз, себеби алар кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн. Автобустарда орнотулган видеокамераларды карап чыктык. Анда айдоочулар акча алып, бирок эч кайда тапшырбаганына күбө болдук, анткени эсептешүү накталай эмес түрдө гана жүргүзүлчү.
— Автобус жана троллейбустарда көзөмөлчүлөр болобу?
— Ошондой система зарыл, ушул тапта ал түзүлүүдө. Накталай эмес эсептешүүдө да биз жүргүнчүлөр тарабынан да, айдоочулар жагынан да көптөгөн кыянаттыктарды көрүп жатабыз. Көзөмөлчүлөрсүз транспортто ким "коен", ким жол кирени төлөгөнүн аныктай албайбыз. Мындай көзөмөл үчүн, балким, муниципалдык инспекциянын функциялары кеңейтилер.
© Sputnik / Владимир Песня
/ — Жаңы автобустарды айдоо үчүн мэрия жетишерлик санда айдоочуларды даярдай алабы?
— Азыр 500 автобус келди, мартка чейин анын баарын ишке киргизели деп турабыз. Борбор калаага газ жана электр менен жүрүүчү дагы ушунча автобус алып келине турган башка долбоорлор да бар. Тилекке каршы, автобустарды сатып алууда айдоочуларды окутуу жана резерв түптөө жөнүндө өз убагында чечим кабыл алынган эмес. Натыйжада автобустун көлөмүн түшүнбөй туруп, жолдогу адаттары калбаган маршрутка айдоочулары бул транспортко өтүшкөн. Кээде автобустар жаныбыздан кандай ылдамдыкта өткөнүн өзүм деле көрүп калам. Ылдамдык режимин бузуп, бурулуп жаткан айдоочуларды көргөндө демиңди ичке катасың... Анын кесепетинен кырсыктар катталып, муниципалдык транспорт жарактан чыгып, ал эми жоопкерчилик ошол айдоочуларды рулга отурууга уруксат бергендерге жүктөлөт.
Ушул тапта биз Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлорун тартуу менен окутуп, айдоочуларга талапты күчөттүк. Автобустардын кийинки келишине дейре иш билги айдоочуларга ээ болуп каларыбызга үмүттөнөм.
Кыска убакыт ичинде, бир-эки айда эле биз көп айдоочуну жумуштан кетирдик. Кандай транспорт айдап жүргөнүн, кимди ташып баратканын, кандай кызмат көрсөтүп жатканын так түшүнгөн адамдар зарыл.
— Борбор калаадагы жол тыгыны боюнча кандай чара көрүүгө ниеттенип жатасыздар?
— Бул маселе заматта чечилип калчу иш эмес, бирок болгон күч-аракетти жумшоо абзел. Бул үчүн комплекстүү аракет көрүү керек. Жол белгилерин алмаштыруу менен кырдаалды оңдогон болбойт. 1-февралга чейин жол чырактарына кыймылды автоматташтырылган тескөө тутумун орнотууну баштоо керек. Бул үчүн россиялык Sitronics компаниясы менен келишим түзүлгөн. Бул тутум көчөлөрдүн кесилишиндеги автомобилдердин дээрлик бардык: жүк ташуучу, жеңил түрүн, ал түгүл жөө жүргөндөрдүн санын талдай алат. Жол чырактарынын иши көчөлөрдөгү дал ошол маалындагы кырдаалга жараша болот. Кийинки айда ошол система сыноодон өткөрүлүп, кийинчерээк бүтүндөй Бишкекке жайылтылат деп боолголоп турабыз.
Жолдогу кыймылды азайтууга өбөлгө боло турган дагы бир саамалык — "акылдуу" унаа токтотмо жайлары. Мында да ошол эле Sitronics компаниясы өз кызматтарын сунуштап, калаабыздын шартында сыноолорду жүргүзүп турабыз.
"Акылдуу" унаа токтотмо жайлары акыны автоматтык түрдө же QR-код аркылуу төлөөгө мүмкүндүк түзөт. Тиркеме менен андай жайда бош орундарды көрүүгө болот. Ошондой эле биз унаа токтотмо жайынын акысын аймакка жараша коюуну пландап жатабыз, башкача айтканда, шаардын чордонунда унаа токтотуу кымбатыраак болот.
Жол тыгынын чечүүдөгү дагы бир маанилүү фактор — көп кабаттуу унаа токтотмо жайлары. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзбекстандагы өнөктөштөрдү издөөдөн кийин биз Кытайдан да варианттарды караштырып жатабыз. Эгер ишкерлер көп кабаттуу унаа токтотмо жайларын кура турган болсо, жерди ижаралоодо биз аларга жеңилдиктерди берүүгө даярбыз.
Анан, албетте, жолдордун сапаты туурасында да маселе бар. Кытай грантынын эсебинен жолдордун жүгү эки жерде жеңилдетилет. Кийин дагы ошондой эки жол курууга белсенип турабыз. Айланма Чүй каналынын курулушу токтотулгандан кийин каражатын ала алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле республикалык бюджеттен төрт көпүрөнүн курулушун каржылоону сунуштадык. Мэрия темир жолду шаардын борборунан көчүрүүнү пландабаганын да кошумчалай кетейин, биз анын жол чубалгылары жана өтмөктөрү аркылуу өтүүнү болжоп турабыз.
— Шаардык айдоочулардын арасында "Коопсуз шаар" тутуму иштебегени, камераларга көңүл деле бурбай коюуга болору тууралуу аңыз кептер бар. Ушул чынбы?
— "Коопсуз шаардын" иштеп жатканы анык, аны мэрия эмес, башка мекемелер тескейт. Бирок биз да долбоорго өз кызматтарыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Автобустарыбыздын баары камера менен жабдылган, транспорттун чыгымын жабуу үчүн андагы маалыматтарды аталган тутумга кошумча акы алуу менен тапшыра алабыз.
— Автобекеттердин жана "Ош" базарынын ордуна эмнелер пайда болот? Дегеле алар качан калаанын жака-белине көчүрүлөт?
— Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотмо жайын же сейил багын куруу пландалган. Учурда тарыхый баалуулугу бар бекеттин имараты менен чогуу жалпы чийимдери даярдалууда. Ал тийиштүү калыпта сакталууга тийиш, балким, мамлекеттин карамагына өткөрүлүшү да мүмкүн. "Ош" базары жана Батыш автобекети үчүн аянт эбак аныкталган — бул 160 гектар жер, трансформациядан өткөрүлгөн. Курулуш үчүн каражат да республикалык бюджеттен каралган. Иштер июнь айынын аягында бүткөрүлмөкчү. Соңку пландарыбызга ылайык, "Ош" базарынын ордуна жашыл аймак пайда болууга тийиш.