Быйыл 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык контракт берилет. Маек

Жакырчылыкты жоюу жана калкты иш менен камсыз кылуу үчүн бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Анын катарында президенттин көзөмөлүндөгү "Социалдык контракт" долбоору муктаж бүлөлөргө каражат бөлүп, ишкерлик түзүүгө өбөлгө болууда.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Автандил кызы болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Автандил кызы
— "Социалдык келишим" долбоору тууралуу айтып берсеңиз?
— Бул программаны жакырчылык менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу катары пайдаланууга болот. COVID учурунда жакырчылыктын саны өсүп, көп киши жумушсуз калды. Ошол себептен алгач Баткен облусунун Кадамжай району менен Нарын облусунун Жумгал районун пилоттук долбоор катары алганбыз. Жалпысынан 50дөн 100 үй-бүлө тандалган. Ар бирине 100 миң сомдон берилди. Анын жыйынтыгы жакшы болгондуктан министрлер кабинетинин 2022-жылдагы чечими менен токтом, жобо иштелип чыгып, республика боюнча 2 800 үй-бүлөгө социалдык контракт ыйгарылган. Андан кийин өлкөнүн ар бир районунан 50дөн үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Аларга акчаны карматып коюп эле отуруп калуу максат эмес. Каражат аз камсыз болгон же жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Арыз жазган адамдын социалдык абалын базадан эле текшерип коёбуз. 2023-жылы 10 миң үй-бүлө социалдык контракт алды. Мында калктын санына жана ар бир облустун элинин жашоо деңгээлине карадык. Кээ бир райондо жакыр адамдар көбүрөөк. Мисалы, түштүк аймакта аз камсыз үй-бүлөлөр арбын экени белгилүү болду.
Каражатты алгач банктык эсебине которобуз. Буга карата жер-жерлерде каржылык сабаттуулук боюнча окууларды жүргүздүк. Акча алуучунун планына жараша активдерди чогуу алып, ал өз ишин баштагандан кийин биринчи жылдары квартал сайын мониторинг жүргүзөбүз. Кийинки жылдары бүт аймак боюнча жарым жылда бир гана мониторинг жасалат. Биздин жардамды алгандардын 95,8 пайызы элеттик айымдар. Бир жарым жылдын ичинде 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишкерлигин ачты. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны 70880ди түзөт. Жалпысынан 14 985 арыз берилген, анын 12 800ү жакыр үй-бүлө.
Өз өндүрүшүбүздү колдобосок улуттук валютага басым күчөйт. Маек
— Кайсы тармактар боюнча чакан ишкерлик ачып бердиңиздер?
— 2022-2023-жылдары социалдык контракт алгандардын бизнес-пландарынын багыттары ар түрдүү. Анын 71 пайызы айыл чарба тармагына (68 пайызы мал чарбачылыгы, калгандары өсүмдүк өстүрүү, аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы) жумшалды. Көбү уй сатып алышты. Экинчиси, 16,4 пайызы өндүрүш тармагына, анын 15 пайызы тигүү ишине, калгандары темир, бетон буюмдарын жана терезелерди даярдоо, самын жасоо, кургатылган жемиштерди өндүрүү, эмерек цехине багытталды. Быйыл дагы 20 миң үй-бүлөгө жардам берүү күтүлүүдө.
— Ушул жылы долбоорго бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт экен. Мониторинг жүргүзүүгө жетишесиздерби?
— Ооба, жетишебиз. Малын же кийим тигүүчү машинасын чогуу алып, ишти баштоого багыт беребиз. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишти кандай алып кетип жатканы менен таанышабыз.
— Долбоордун "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан баш тарттыруу максаты бар эле. Ал жагы кандай болууда?
— Социалдык контракт алгандан кийин үч ай аз камсыздуулук боюнча жөлөк пулду алып турушат. Андан кийин жөлөк пул алуу үч жылга токтойт. Ар кандай болуп калат. Кээде бизнес-долбоору максатына жетпей калышы да мүмкүн. Андай болсо үч жылдан кийин толук кандуу жөлөк пул ала алат. Бүгүнкү күндө "үй-бүлөгө жөлөк пул" 1 200 сомду түзөт. Бул эч нерсеге жетпейт да. 13 миң бизнес-долбоордун ичинен 17 киши гана катуу оорудан жана башка форс-мажордук жагдайлардан улам ишин аягына чыгара алган жок. Анын үчөө 100 миң сомду максатсыз пайдаланып койгон. Ал эми ийгиликтүү мисалдардан Каракол шаарынын тургуну, беш баланын энеси Адинай Талипованы айтсак болот. Ал буга чейин клинингдик компания иштетүү жолдорун изилдеп жүрүптүр. Каракол шаарына ачууну максат кылганы менен каражаттын жоктугунан ишке ашыра алган эмес. 100 миң сомго "Жаркыра Кыргызстан" деген аталыштагы клининг-компания ачты. Үч-төрт кишини ишке алып, азыр башка шаарларда да ушундай компания ачуу максатын коюуда. Мындан тышкары, Жумгалдын жашоочусу Жанарбек Калчаев самын чыгаруучу чакан цех ачты. Чыгарган продукциясын соодагерлерге өткөрүп, өзү да сатып, ай сайын 20 миң сомдон киреше алып жатат.
— Социалдык контракт алуу кыйын эмеспи?
— Бул өтө жеңил иш. Олуттуу деле талаптары жок. Арыз жазгандан кийин атайын комиссиянын чечими менен берилет. Биздин жардамыбыз менен бизнес түптөп алгандар ишин андан ары улоо үчүн мамлекеттик банктардан пайызсыз насыя ала алат. Ал эми социалдык контракт кайтарымсыз.
Радио
Министрлик: "Социалдык келишим" долбоору майнаптуу болуп жатат