БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Пакистан Ирандагы "жашырынып жаткан террорчуларга" бир нече ирет таамай сокку жасап, "террорчулар" жок кылынды. Бул туурасында Пакистандын ТИМ башчысынын билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
Буга чейин Систан жана Белужстан провинцияларынын бийлигинен Серавандын (өлкөнүн түштүк чыгышы, Пакистан менен чектешкен тарабы) райондорунда жарылуулардын үнү жаңырганын билдиришкен.
"Бул таңда Пакистан Систан жана Белужстан провинцияларындагы террорчулардын жашырынып жаткан жерлерине таамай соккуларды жасады. Бир нече террорчу операция учурунда жок кылынды", — деп айтылган маалыматта.
Пакистан тараткан билдирүүлөрдө Иран тарапка анын аймагында "пакистан тектүү террорчулар" жашырынып жүргөнүн эскертип келгенин, бирок Тегеран ал кишилерге каршы эч кандай чара көрбөгөнү айтылган.
Ал арада Тегеран коңшулардын ракеталык соккуларынан улам Пакистан менен чектешкен аймактагы эл жашаган жайда Иран жараны болбогон жети киши көз жумганын билдирген.