Тарых, тагдырлар. Ленинград курчоосуна арналган Бишкектеги эскерүүнүн видеосу

Бүгүн республикада Ленинграддын курчоосунун азабын тарткандардын ичинен 10 адам жашап жатат. Ал кыйын кезеңде Кыргызстанга 16 миң адам жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием өттү.
Ага Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Россотрудничество" агенттигинин жана райондук акимчиликтин өкүлдөрү катышты.
Быйыл Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгы жана аталган шаардын фашисттерден толугу менен куткарылышынын 80 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун башчысы Марат Кутанов бүгүн республикада 10го чукул блокадачы жашап жатканын айтты.
1 / 4

Бүгүн борбор калаада Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквием өттү

2 / 4

Ага Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Россотрудничество" агенттигинин жана райондук акимчиликтин өкүлдөрү катышты

3 / 4

Быйыл Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнүн 81 жылдыгы жана аталган шаардын фашисттерден толугу менен куткарылышынын 80 жылдыгы белгиленип жатат

4 / 4

Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун башчысы Марат Кутанов бүгүн республикада 10го чукул блокадачы жашап жатканын айтты

Ленинград блокадасынын азабы, эвакуациялангандарды бооруна кыскан Кыргызстан

Ленинград курчоосу 872 күнгө созулган азап, аяз, кырылган эл дегенди элестетет. Алар бала-чака, кары-картаңдар, эмгекке жарамдуулар эле. Сөз болуп жаткан трагедия 1 миллионго чукул адам өмүрүн алып, 600 миңге чукул киши ачкадан кырылган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон.
...1944-жылдын 27-январында чыкылдаган аяздуу күнү блокада жырылып, фашисттик баскынчылардын тилеги таш капкан. 1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүлгөн.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланган. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Кандаштарыбыздын 4500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу каарман адам багып-өстүргөн.
Бул менин өмүрүмдөгү биринчи салют болчу деп эскерет Ленинграддын блокадачысы