Ачуу шоколадды кайсы учурда жегенге болбой турганын диетолог түшүндүрдү

Адис таттуу азыктын күнүмдүк порциясы 20-30 граммдан ашпашы керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ачуу шоколадды шакыйы кармагандар, кант диабети барлар жана ашыкча салмактан жабыркагандар рациондон азайтканы оң. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог, гастроэнтеролог, терапевт Наталья Сычева айтып берген.
Дарыгер элде ачуу шоколад башка шоколаддарга караганда пайдалуураак деген түшүнүк сиңип калганын айтты. Аталган азыктын мындай түрүндө антиоксиданттар болгону менен кан тамырлардын жыйрылышына алып келерин эскертти.
"Кан тамырлардын жыйрылышынан шакыйы барлар, кан басымы жогору болгондор жабыркайт. Алардын башы ооруп, кан басымы көтөрүлгөндүктөн рациондон азайтуу сунушталат", – деди Сычева.
Ачуу шоколад өттүн куюлганына да жардам бергендиктен дарыгерден бул кондитердик азыкты колдонуунун өлчөмүн сурап алуу сунушталат.
Диетолог ашыкча салмак жана экинчи типтеги кант диабети менен ооруган адамдар да ачуу шоколадды азайтышы керектигин кошумчалады.
"Күнүмдүк порция 20-30 граммдан ашпашы керек", – деп түшүндүрдү Сычева.
Ал эми какао майына аллергиясы барлар такыр эле баш тартып койгону оң болорун айтты. Мындан сырткары, балдарга үч жашка чейин шоколад бербей эле койгон жакшы.
Сычева негизи кондитердик бул азыкты салат же тамактан кийин жегенге кеңеш берген.
Балды ысыткан зыяндуубу? Диетологдун жообу