Электромобилдерди бажы төлөмүсүз дагы эки жыл ташууга болот. Эскертүү

Электромобиль ташуудагы жеңилдиктер былтыркы жылдын 31-декабрына чейин делген, бирок мөөнөтү дагы эки жылга узартылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. ЕАЭБ ичинде электромобилдерди 2025-жылдын 31-декабрына чейин бажы төлөмүсүз ташууга болот.
Эскерте кетсек, мындай чечимди өткөн жылдын ноябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши (ЕАЭБ вице-премьерлеринен турат) кабыл алган.
Бажы төлөмүнөн Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашагандар гана бошотулат. Электромобилге ээлик кылуу, аны пайдалануу укугун Россияда туруктуу жашаган же жарандыгын алган жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Электромобиль ташууга жеңилдик өткөн жылдын 31-декабрына чейин деп айтылган. Эгер мөөнөтү узартылбаса бажылык тариздөөнүн 15 пайызы алынмак.
Радио
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот