Ичимдик ичүүгө болбойт. Мончого түшүүдөгү эрежелер тизмектелди

Адистин айтымында, мончодо, бууланган бөлмөдө адамдын жүрөгүнүн согушу тездейт, ичимдик ичкен адамдын да жүрөк ритми күчөйт. Экөөнү айкалыштырууда адам организмине эки эсе күч келтирет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Мончого түшүү адамды жашартып, кан айланууну жакшыртып, денеден суюктуктун бөлүнүп чыгышына жардам берет. Ошол эле учурда бууланган жайда жуунунун кооптуу жактары бар экенин терапевт Андрей Звонков Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Ал мончонун зыяны адегенде эле жүрөк оорулууларга тиерин белгилеген.
"Мончодо адамдардын кан айлануусу күчөйт, бул албетте, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган бейтаптарга каршы келет. Аларга мончого барууга такыр болбойт деп да айта албайм, айрым эрежелерди сакташы керек. Адам бууланган бөлмөдө отурганда организмге күч келет, жүрөктүн согуу ритми тездейт", — деген Звонков.
Мындан тышкары, тери ооруларынан жабыркаган бейтаптар да мончого түшпөшү керектиги эскертилди.
"Эгерде адамдын денесинде псориаз, склеродермия, ыйлаакчалар болсо, аларга мончодо жуунууга такыр болбойт. Оору өтүшүп, күчөп кетет", – деп түшүндүргөн ал.
Терапевт мончодо алкоголь ичүү да туура эмес экенин белгилеген. Мунун себебин ал ичимдик ичкен адамдын жүрөгүнө ансыз да күч келери менен байланыштырып, мончодо эселеп арта тургандыгы менен байланыштырган. Аны менен катар эле адис ысык сууга жуунуп же бууда отуруп, андан кийин дароо муздак сууга секирүү да баарына пайда алып келбей турганын түшүндүргөн. Муну акырындык менен организмди көндүргөн гана адамдар жасаса туура. Ал эми көнө элек организмди мындай тобокелге салуу жүрөктүн токтоп калышына жеткириши мүмкүндүгүн эскерткен.
Кантип туура жуунуу керек? Адистин кеңеши