Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү

Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, сценарист Төлөгөн Сыдыковдун туулган күнү. Экинчи режиссер катары далай тасмаларды жаратууга катышкан инсан 80 жашка толду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун сүрөттөгү кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Төлөгөн Сыдыков 1944-жылы 2-январда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинекейинен келген кинолорду калтырбай көрүп, кийин борбор калаада тасма тарткан киночулардын ишине көз салып жүрүп, тармакка кызыгуусу арткан. Мектепти аяктаган соң 18 жашында "Кыргызфильмге" кирип, Кыргызстанга келген ага-ини Юз жана Изя Герштейндерге жардамчы болгон.
Кийин Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис, Каридин Акматалиев өңдүү мыкты режиссерлор менен иштешип, көбүнчө экинчи режиссердун милдетин аткарган. Кинону жакшы түшүнгөн, уюштуруучулук жөндөмү мыкты режиссер "кыргыз кереметинин" жаралуусуна чоң салым кошуп, "Саманчынын жолу", "Көчө", "Аптап", "Буктурма", "Бөрү зындан" кинокартиналарын кесиптештери менен тарткан. 60 жылдай өмүрүн кинематографияга арнаган ардагер азыр уул-кыздарынын төрүндө.
1 / 12

Төлөгөн Сыдыков кинематографияга мектепти бүтүп эле ассистент болуп аралашкан

2 / 12

Киночу — белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова менен Бектемир Сыдыковдун уулу. Сүрөттө ал ата-энеси, жакындары менен.

3 / 12

Базаровдун "Көчө" кинотасмасын тартуу учуру. Сүрөттө СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен Төлөгөн Сыдыков.

4 / 12

Сыдыков мыкты уюштуруучу катары чыгармачыл топ менен иштеше билген. Кыргыздын атактуу актрисалары Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова менен тыныгуу маалында. 1976-жыл

5 / 12

Жаш киночулардын аракети. "Буктурманы" камерага түшүргөн Төлөгөн Сыдыков менен Геннадий Базаров. 1968-жыл

6 / 12

Белгилүү акын, жазуучу Аалы Токомбаев менен Төлөгөн Сыдыков. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

7 / 12

"Кыргыз кереметин" жараткан алптар… Сыдыков биринчи катарда турат.

8 / 12

Талаа-түздө, ысык-суукта, тоо-ташта иштеген режиссер

9 / 12

Ошто "Көчөнү" тарткан кесиптештер: операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров

10 / 12

Апасы Зууракан Иманкалыкова жана чоң энеси менен эс алып отурган киночу. Ысык-Көл облусу, 80-жылдар.

11 / 12

Сыдыков өлкө эгемендүүлүк алган жылдары бир катар студияларда иштеген

12 / 12

80 жаштагы киночу азыр ардактуу эс алууда

Тема боюнча:
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси